Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Түз ободо Иран-Израил чатагы: Трамп эки тарапка тең нааразы экенин айтты

Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


17:52 23.6.2025

23-июнда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандагы аскердик объекттерге абадан сокку жасаганын билдирди. Израил армиясынын маалыматында, алты аэроабазага, курал-жарак кампаларына жана ракета учуруучу түзүмдөргө чабуул жасалды.

Расмий Тегеран түнкү чабуулдар тууралуу билдирүү тараткан жок. Ирандагы Кызыл жарым ай уюму Тегерандагы кеңсесине жакын имарат соккуга кабылганын билдирди.

Израил басылмалары Тегерандагы белгилүү Эвин түрмөсүнүн дарбазасына "символикалык сокку" урулганын жазышты. Бул абакта саясий туткундар, журналисттер, жарандык активисттер жана чет элдиктер отурат.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Тегеранга жасалган чабуулду тастыктап, анын максаты "режимдин объекттери жана репрессиялык түзүмдөрүн" бутага алуу болгонун айтты.

16:45 23.6.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу “Орусия Иран элине жардам берүүгө аракет кылып жатканын” билдирди. Путин сөз кандай жардам тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Орус президенти жолугушууда “Иранга каршы негизсиз агрессия жасалууда” деп белгилеп, Израил менен АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге урган соккуларын сындады. Анын айтымында, Аракчи менен сүйлөшүүнүн максаты “мындай кырдаалдан чыгуу жолдорун биргеликте издөө”.

16:24 23.6.2025

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандын үч өзөктүк объектисине жасаган аба чабуулун "катуу айыптады". Бул тууралуу мекеме 22-июнь күнү кечинде жарыялаган расмий билдирүүсүндө айтылат.

"Чыр-чатактын күчөшү узак мөөнөттүү согушка алып келиши мүмкүн. Анын чөлкөм жана дүйнө үчүн кооптуу кесепеттери болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмун, Эл аралык атомдук энергия агенттигин (МАГАТЭ) жана башка эл аралык уюмдарды тез арада чара көрүүгө чакырып, "экологиялык кырсыктарды алдын алуу, эл аралык укуктун бузулушуна жол бербөө жана чөлкөмдө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо" зарылдыгын белгиледи.

Коңшу өлкө Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, бардык тынчтык аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.

15:55 23.6.2025

22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Азадлыг" радиосу жазды.

Тараптардын сүйлөшүүсү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасагандан бир күндөн кийин болду.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG