23-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.
"Азыркы кооптуу кырдаалда Орусия менен кеңешкенибиз чоң мааниге ээ", — деди Аракчи Ирандын мамлекеттик телеканалына курган маегинде.
Министрдин айтымында, Тегеран менен Москва "өз ара позицияларын координациялоого аракет кылууда" , анткени тараптар "орток кооптонууларга жана душмандарга ээ".
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын учурдагы бийлигин кулашын кубаттай турганын билдирди.
Бул тууралуу Трамп Иранга соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөйт деп айткан америкалык бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн соң билдирди.
"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу политкорректүү эмес, бирок учурдагы Иран режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди эмнеге алмаштырууга болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.
Анын алдында АКШ президентинин командасынын башкы мүчөлөрү вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет 21-июндагы Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк обьекттерге соккусу Тегерандагы учурдагы исламий бийликти кулатуу үчүн эмес, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израил жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал 21-июнунда Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө Ислам кызматташтык уюму” жыйынында айтты. Жээнбек Кулубаев кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен күч-аракетти координациялоо маанилүү экенин, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
Жыйындын катышуучуларына расмий Бишкек чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолу катары диалогду жактай турганын кошумчалады.
АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектин аткылады. Иран менен Израилдин жаңжалына АКШнын аралашканы Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.
АКШнын президенти бул чабуулду "аскерий ийгилик" катары сыпаттады.
Ирандын атомдук энергия боюнча уюму Фордо, Натанз жана Эсфахан шаарларындагы өзөктүк объекттер “душман тарабынан” чабуулга кабылганын ырастады.
Алар бул соккуларды "жапайычылык" деп баалап, эл аралык укуктун бузулушу катары айыпташты:
Шерине