Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Түз ободо Иран-Израил чатагы: Трамп эки тарапка тең нааразы экенин айтты

Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


16:27

Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Ирандын өзөктүк үч жайына урган аба соккулардын кесепетине баа берилген өкмөттүк отчеттун мазмуну сыртка чыгып кеткенин моюнга алды. Министр документте “алдын ала” жана “анча ишеничтүү эмес” маалыматтар камтылганын белгиледи.

Анын алдында бир нече медиа булактарга таянып, баяндамада сөз болгон аскердик операция Тегерандын өзөктүк программасын бир нече айга гана артка жылдырганын ачыкка чыгарганын жазышкан.

Хегсет менен кошо 25-июнда НАТОнун Гаагадагы саммитине барган АКШнын президенти Дональд Трамп отчетту катуу сындады.

Коргоо министри Федералдык иликтөө бюросу, Аскердик чалгын башкармалыгы (DIA) даярдаган документтин кандайча CNN, The New York Times, The Washington Post жана Reuters агенттигине тийгенин териштирерин билдирди.

Баяндамада айтылгандай, чабуул Ирандын атомдук программасынын негизги компоненттерин талкалаган эмес. Бул - Трамптын соккулар Ирандын уранды байыткан өзөктүк жайларын “толугу менен жок кылды” деген сөздөрүнө каршы келет.

Президент Гаагада журналисттерге “чалгынчылардын маалыматы так эмес болгону менен”, ал өзү “олуттуу залака келтирилген” деп эсептерин айтты.

“Ал жайлар жер менен жексен болду”, - деген президент Ирандын өзөктүк программасы “ондогон жылдарга артка жылганын” айтып, эми “алар жылдар бою бомба жасай албайт” деп кошумчалады.

Айрым талдоочулар Трамптын жана америкалык башка расмий адамдардын Ирандагы өзөктүк жайлардын таш-талканы чыкты деген билдирүүлөрүн күмөн саноо менен баалашат.

CNN сөз болгон отчеттон кабары бар булакка шилтеме берип жазгандай, чалгынчылар соккулар Ирандын атомдук программасын “балким эң көп дегенде бир нече айга кечеңдетти” деп болжолдошот.

Буга чейин DIA талдоосун улантып жатканы, анализ өзгөрүшү мүмкүн экени кабарланган.

Хегсеттин айтымында, бомбалар бутага алынган жерлерге “таамай түшкөн” жана кыйроолорго алып келген. Ага чейин министр андан күмөн санагандар президенттин ийгиликтүү миссиясына көлөкө түшүрүүнү каалайт деп сындаган.

Ирандын өзөктүк программасы АКШнын соккуларынын натыйжасында олуттуу зыян тарткаын ЦРУнун директору Жон Рэтклифф да чалгындын жаңы маалыматтарына таянуу менен билдирди.

"Ишенимдүү чалгын маалыматтарынын топтому Ирандын өзөктүк программасы акыркы соккулардын натыйжасында олуттуу зыянга учураганын көрсөттү", — деп айтылат агенттиктин сайтында жазылган билдирүүдө.

АКШ сокку урган 21-июндан бери чабуул канчалык натыйжалуу болгону тууралуу так маалыматтын жоктугу түрдүү айың-кептерге жем таштады.

Спутниктерден тартылган сүрөттөрдө бомбаланган жайдын айланасында аң, чуңкурдарды көрүүгө болот. Бирок ишкана жер астында орун алгандыктан, зыянды баалоо кыйын.

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, генерал Эффи Дефрин 25-июндагы маалымат жыйында “операциянын жыйынтыгына баа берүү дагы эрте” деп билдирди.

“Биз Ирандын өзөктүк программасына чоң сокку урдук деп ойлойм, аны бир нече жылга артка жылдырганыбызды айта алам”, - деп кошумчалады Дефрин.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси аба соккулары уран байыткан “Фордо” жайына болжолу менен “чоң залака тийгизгенин”, бирок “азырынча эч ким, анын ичине МАГАТЭ жер астындагы объектилер тарткан зыянга баа бере албастыгын билдирген.

Гроссинин 25-июнда айткандарына караганда, зыяндын масштабы кандай болбосун, азыр мындан аркы аракеттерди ойлоо зарыл.

МАГАТЭ 13-июнда тутанган куралдуу жаңжалдан улам Ирандагы жайларды текшере алган жок.

Атомдук куралды жайылтпоо маселелери боюнча эксперт, Брукингс институтунун илимий кызматкери Роберт Эйнхорн 60% байытылган урандын 400 килограммдан ашууну башка жерге алынып кеткенин айтат:

“Уран Ирандын колунда болсо, жашыруун жерге алынып чыгып, өзөктүк курал чыгарууда колдонулушу ыктымал”, - деп айтты эксперт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына.

Гросси 13-июнда соккулардын алдында Тегерандан уранды коргоо үчүн “атайын чаралар” көрүлгөнү айтылган кат алганын билдирди.

“Бул эмнени билдирери, башка чоо-жайы айтылбаганы менен кеп эмне тууралуу жүргөнү түшүнүктүү. Андай материал ирандыктарда бар деп болжолдосо болот”.

Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон да соккулардын кесепетин баалоо эртелик кыларын айтып, Ирандын өзөктүк программасы жылдарга артка чегингенин белгиледи. Элчинин айтымында, Израил мамлекети туш болгон “түздөн-түз коркунуч жоюлду”.

Ал арада 25-июнда Ирандын парламенти Тегерандын МАГАТЭ менен кызматташуусун убактылуу токтотуу чечимин жактыры.

Мамлекеттик телеканал жобону 221 депутат колдогонун, бирөө да каршы добуш бербегенин маалымдады.

Эми аны конституциялык кеңеш карап, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш кабыл алмакчы.

12:31

Reuters агенттиги Иранда Израилдин пайдасына “тыңчылык кылды” деген негиз менен үч киши дарга асылганын жазды.

Бийликтин версиясы боюнча, өлүм жазасына тартылгандар “Моссад” менен кызматташып, Израилдин чалгын кызматтары Иранда жогорку даражалуу аткаминерлерди өлтүрүү үчүн колдонгон жабдууларды аткезчилик менен ташууга көмөктөшкөн деп айыпталган.

Би-Би-Си ушундай эле негиз менен бир нече күн мурун дагы эки адам өлүм жазасына тартылганын билдирди. Иран-Израиль жаңжалы башталгандан бери акыркы эки жумада Израил менен байланышы бар деген шек менен 700дөн ашуун адам камакка алынган.

18:34 25.6.2025

Казакстандын Air Astana компаниясы Ирандын аймагын айланып өткөн бир нече багыттар боюнча каттамдарын жандантты. Бул тууралуу компанияга шилтеме берип, "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, 25-июнда Казакстандын шаарларынан Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарга бир нече рейс пландалган. Дубай – Алматы багытындагы Boeing 767 Дубайдан мекенине келе албай калган казактстандык жүргүнчүлөрдү алып келери маалым болду.

Буга чейин Израил-Ирандын чатагынан улам Дубай менен Дохадан жүздөгөн казакстандык үйүнө кайта албай жатканы маалымдалган. Казакстандын Жарандык авиация комитетинин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам өлкөдөгү бир нече компания айрым багыттар боюнча каттамдарын убактылуу токтоткон. Ушундан улам жалпы 1700 жүргүнчү уча албай калганы кабарланган.

"Азаттыктын" казак кызматы Доха аэропортунда бир нече күндөн бери каттамды күтүп жаткан казакстандыктар эч кандай шарт түзүлбөгөнүнө нааразычылык билдиргенин жазды.

Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндиктери жабылганына байланыштуу ондогон эл аралык компаниялар бул багытта түз учкан же айланып өткөн каттамдарын убактылуу токтоткон. Абал турукташканына байланыштуу айрымдары ишин жандантканын кабарлашты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенин билдирген.

18:26 25.6.2025

24-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Израил-Иран жанжалын телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар Түркмөнстан аркылуу АКШ жарандарын Ирандан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

АКШ Түркмөнстандын колдоосуна ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык жана соода жаатындагы байланыштарды кеңейтүүгө үмүт артарын белгиледи.

"Азатлык" радиосу Вашингтондогу булактарга таянып, расмий Ашхабад Ирандан чыгууну каалаган АКШнын 100дөн ашык жаранына чек арадан өтүүгө уруксат бербей жатканын жазган.

Reuters агенттиги шейшембидеги эки тараптын дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ашхабад мындай чектөөнү алып салганын жазды.

22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 16-июнда жарыялаган расмий билдирүүсүндө, Түркмөнстандын чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар.

Түркмөнстандын Иран менен чек арасы 1100 чакырымга созулат.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG