Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү.
22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.
Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.
Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.
БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.
Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган.
АКШдагы ирандык активисттер уюштурган бейөкмөт уюм 13-июндан берки Израилдин соккуларынын Иранда 630дөн ашуун адам каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 239у жайкын тургун, 126сы аскер, дагы 220сынын ким экени аныктала элек.
Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.
Иран-Израил жаңжалы тууралуу "Азаттыктын" макалаларынын тизмеси:
Шерине