Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Түз ободо Иран-Израил чатагы: Трамп эки тарапка тең нааразы экенин айтты

Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


17:30 25.6.2025

Ирандын парламенти Тегерандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташуусун убактылуу токтотууну колдоду. Бул чечим Израил менен болгон 12 күндүк куралдуу кагылышуудан кийин кабыл алынды.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары мыйзам долбооруна 221 депутат бир добуштан макул болгонун жазышты. Аталган мыйзам Ирандын Конституциялык көзөмөл жана Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши тарабынан бектилгенден кийин гана күчүнө кирет.

Иран парламенти кабыл алган мыйзам долбоорунда мындай деп жазылган:
"Сионисттик режим менен АКШнын Ирандын тынчтык багытындагы өзөктүк объектилерине жасаган чабуулдары өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы болгондуктан, бул мыйзам күчүнө кирери менен өкмөт МАГАТЭ менен кызматташууну токтотууга милдеттүү".

Парламент төрагасы Мохаммад Бакир Калибаф МАГАТЭни сынга алып, агенттик Иранга жасалган чабуулдарды "жада калса айыптоого да аракет кылган жок" деп билдирди.

Мыйзамда кызматташтыкты калыбына келтирүүнүн шарты катары өзөктүк объектилердин жана окумуштуулардын коопсуздугуна эл аралык кепилдик берилиши жана Ирандын уран байытуу укугу толук камсыздалышы көрсөтүлгөн.

Иран МАГАТЭ менен 1970-жылдан тарта кызматташып келет. Соңку жылдары Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ишине айрым чектөөлөрдү киргизген.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Тараптар 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.

18:52 24.6.2025

Шейшембиде Ирандын саламаттык сактоо министри Мохаммад Реза Зафаргани акыркы бир суткада Израилдин чабуулдарынан 107 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.

Анын айтымында, Израил чабуул жасаган 13-июндан бери жалпы 606 адам каза болуп, 5000ден ашууну жаракат алды.

"Алардын болжол менен 95% уранды алдында калып каза болгон, ал эми 5% ооруканага жеткирилгенден кийин жаракаттарынан улам көз жумган", - деди министр.

Каза тапкандар арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар бар экени айтылды.

"Ирандагы адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн деп билдирүүдө.

Ирандагы кырдаалга көз салып жаткан Human Rights Activists News Agency (HRANA) бейөкмөт уюму тараткан маалыматка караганда, 19-июнга карата каза болгондор 657 киши, жараат алгандар 2037 деп эсептелди.

Уюм каза тапкандардын кеминде 263ү жайкын тургундар (көбү Тегеранда), 20сы балдар экенин билдирген, мындан тышкары 230 маркумдун тек-жайы белгисиз.

Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 24 адам каза болгонун, 800дөйү жараат алганын бир нече күн мурда кабарлаган.

18:02 24.6.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын айтып, эки тарапка тең нааразы экенин билдирди. Ошол эле кезде АКШ лидери ок атышууну токтотуу келишими күчүндө экенин айтты. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Израил Иранга кол салбайт. Бардык учактар артка кайрылып, үйүнө кайтат. Эч ким жабыркабайт, ок атышууну токтотуу аракети күчүндө",- деп жазды ал.

Мунун алдында Дональд Трамп Израилге кайрылып, Иранга чабуулду улантуу - келишимди одоно бузуу болорун айткан.

15:33 24.6.2025

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израилдин айыптоолоруна жооп берип, Иран ок атышууну токтотуу келишими башталгандан кийин Израилге чабуул жасады деген маалыматты төгүндөдү.

Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргени тууралуу билдирүү жасап, анда Иран өзүнө жасалган "агрессияга" катуу жооп берүүгө даяр экени айтылат.

Ирандын куралдуу күчтөрү да Израилге ракета атылганы тууралуу билдирүүлөр жалган экенин билдирди.

Мунун алдында Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, Израил армиясына соккуларды улантуу буйругун бергенин айткан. Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул жасаганын айыптаган.

Тараптардын билдирүүсүнө чейин Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин АКШ президенти Дональд Трамп жазган болчу.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG