Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

"Эгинди ылай басты". Такыр-Төр жырылгандан кийинки абал


Такыр-Төр жырылган учур.
Такыр-Төр жырылган учур.

Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн үстү жагында Такыр-Төр көлү мөңгүнүн эришинен улам толуп, жырылганы 27-июнда кабарланды.

Суу ылдый карай агып жөнөгөндө Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек-Бий айылынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган.

Алмалуу айылдык кеңешинин депутаты Жоомарт Бейшекеев Такыр-Көлдүн ташып кеткенин быйылкы ысыкка байланыштырды.

"Көл өзү чыныдай болуп турат. Быйыл күн катуу ысыбадыбы. Көл толуп жатканы жай башында эле белгилүү болуп, ӨКМ кызматкерлери суунун көлөмүн ченеп жүрүштү. Кечээ саат кечки 5ке чамалап калганда ошол жакты жайлаган малчы байке "көл кетти" деп чалды. Алмалуу менен Кебек-Бийде суу каптап кетиши мүмкүн деген 31 үй бар эле. Алардын жашоочуларын чыгардык. Тиешелүү органдын баарына чалдык. Андан кийин экинчи сел каптады. Дагы жакшы суу айылга жеткен жок. Жердин уусун билебиз да, ӨКМге айтып, айылга кетчү нуктун баарына дамба жасатканбыз. Ошонун пайдасы тийди. Элге, мал-жандыкка зыян келген жок".

Такыр-Көл жырылгандан кийин сайда аккан сел. 27-июнь, 2025-жыл.
Такыр-Көл жырылгандан кийин сайда аккан сел. 27-июнь, 2025-жыл.

Анткен менен сел айылдыктар арпа, беде эккен талааны басып калган. Жоомарт быйылкы аптапта ансыз да сугат суу тартыштыгынан кыйналган дыйкандар чоң чыгым тартканын кошумчалады.

"Машинедей болгон таштар агып келди. Эки айылдын ортосунда көпүрө бар, ошол жерге келгенде сел өтө албай эгин талаасына жайылды. Арпа менен беде айдаганбыз. Кургакчылыкта суудан өксүп жаткан эгин эми ылайдын астында калды. Баткак кургаса, цементтей катып эгин өспөй калат да. Азыр өкмөттүн кишилери үлүш жери барларга "картаңарды алып чыккыла" деп, чыгымдарды тактап жатышат. Бийлик жардам берип, жол тазаланууда. Эл кечки 8де эле үйлөрүнө кайткан. Сайдагы суу танктар жүргөндөй эле дарылдап агып, саат түнкү 11де жайлап өз калыбына келди".

Такыр-Көлдүн ташып жатканы быйыл атайын изилдөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон. ӨКМ көл жырылардын астында айылдардын жашоочуларын арыктарды, каналдарды тазалоого, суу жээктерин бекитүүгө чакырган.

"Бийик тоолуу көлдөрдү изилдөө ишинин негизинде министрликтин алдында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Үч жолу изилдөө жүрдү. Анын экөөндө аэровизуалдык тик учактын жардамын пайдаландык. Иштин жүрүшүндө Такыр-Төр толуп, кооптуу кырдаал жаралганы белгилүү болгон", - деди Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-июнда кечке жуук тик учак менен Такыр-Төр көлүндөгү кырдаалды көрүп кайткан. Ал коркунучту жоюу боюнча тапшырмаларды берген.

Учурда сел жүргөн аймактагы жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатканы маалым болду. Ысык-Ата районунун акиминин №211 тескемесинин негизинде сел жүргөн аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Тоо көлдөрү кооптуубу?

Адистердин жана жашоочулардын айтымында, бул Такыр-Көлдүн үчүнчү жолу жырылышы. Илимпоздордун белгилешинче, көл буга чейин, 1994- жана 2009-жылдары июнь айында ташып, кооптуу абал жаралган.

Гидрогеолог Сергей Ерохиндин айтымында, Такыр-Көл Кыргызстандагы морена көлдөрүнүн бири. Ал мындай көлдөр мөңгү эригенде пайда болуп, кээде кооптуу кырдаал жаратарын кошумчалады.

"Табиятта баары өзгөрмөлүү. Бул эми морена көлүнүн кадимкидей эле жырылышы. Бизде мындай окуялар көп болгон да. Өткөн жылы эле Сокулукта, Тоңдо көлдөр ташып кеткен. Жыл сайын бир-эки көл жырылат. Морена көлдөрү мөңгүлөр деградация болгондо пайда болот. Мөңгүнүн жанында жер көп учурда тегиз болбойт, депрессиялар (ойдуң, жарака), муз тоңгон дөңчөлөр болот. Ошол депрессияга топтолгон суу жер астындагы агым аркылуу агып кетет. Бирок каналдар тоңуп, кийин күн жылыганда эрибесе, суу топтолуп калышы мүмкүн. Ошол учурда морена көлү пайда болот. Кээде топтолгон сууга топурак-шагыл туруштук бере албай астынан жырылат. Кээде алар байкалбай агып кетсе, кээде сел коркунучун жаратат. Мындай көлдөрдүн өмүрү узак болбойт. Узакка кармалгандары дагы бар, бул эми геологиялык өзгөчөлүккө жараша. Морена көлдөрүнүн так саны ӨКМде болсо керек, менин эсебимде жүзгө чамалайт. Айрымдары активдүү, айрымдары активдүү эмес. Активдүүлөрүн каттоого алып, байкоо жүргүзөбүз. Аларды жасалма жол менен сордуруп же бөгөп коюу азырынча мүмкүн эмес. Бирок заман өнүгүп жатат, балким келечекте андай ыкма да пайда болушу ыктымал".

Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова Чүй облусундагы мөңгүлөргө байкоо салып турат.

Адис буга чейин "Азаттыкка" мөңгүлөрдүн эриши морена көлдөрүн пайда кылып жатканын айткан. Айрыкча, топурагы борпоң чуңкурларга суу толгону кооптуу экенин белгилеген.

“Адыгене мөңгүсү тарапта 16дай көл бар. Бирде пайда болуп, бирде жок болуп турат. Бул үзгүлтүксүз мониторингди талап кылат. Морена комплексинин астында муздар да болот. Абанын температурасы жылыганда ошол муздар эрип, көл толуп, жырылып кетиши мүмкүн", - деген Оморова.

Илимий маалыматтарга таянсак, 50 жылда 70 морена көлү жырылып, суу ташкыны пайда болгон. ӨКМ 2 миңге жакын бийик тоолуу көлдүн 368инде жырылуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Заманбап ыкма өмүрдү кантип сактайт?

Быйыл март айында БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласы жарык көргөн. Андагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,2 градуска көтөрүлгөн.

Изилдөөдө абанын температурасынын көтөрүлүшү мөңгүлөрдүн тездик менен эришине алып келип, бул сел коркунучуна себеп болгону белгиленген.

Апрель айында Бишкекте өткөн илимий жыйынга Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун кызматкери Эркин Исаев да келген эле. Ал заманбап ыкмаларды, санарип технологияларды колдонуу менен далай кырсыктын алдын алса болорун эскерткен.

"IPCC уюмунун 2023-жылдагы отчетуна таянсак, Борбор Азиядагы абанын температурасы көтөрүлүп жатат. Сезондук алмашуу жүрүп, жаздын келиши 1-1,5 айга алдыга жылган. Жаз эрте келгенде күн тез ысып, табигый кырсыктар болуп жатат. Мөңгүлөр эрип, опурталдуу кырдаал түзүлүүдө. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун отчету боюнча БУУнун "Бардыгына эскертүү системасы" деген долбоор бар. Ага ылайык, 2027-жылга чейин өлкөлөр ошол система менен камсыз болушу керек".

Акыркы жылдары кырсыктарды алдын алууда заманбап ыкмалар жана жабдыктар чоң роль ойногонун Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев да белгилеген.

“Былтыр Тоң районундагы Зындан көлү жырыларын бир-эки жума мурда билип, 490 адамды эвакуация кылууга үлгүргөнбүз. Ага чейин БУУнун Өнүктүрүү программасы, Айыл чарба жана тамак-аш уюмунун колдоосу менен бийик тоолуу жердеги көлдөргө байкоо салуу системасы иштелип чыккан эле. Андан тышкары сел жана суу ташкындардын Атласын иштеп чыктык. Анын жардамы менен кайсы жерде, кайсы калктуу конуштарда сел жүрө турганына чейин билсе болот. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын колдоосу менен шаймандарды алганбыз. Азыркы учурда дрондор менен изилдөө иштерин аткарып жатабыз", - деген Сакыев.

Ал эми ӨКМге караштуу Кырсыктардын кесепетин азайтуу улуттук платформасы катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев селге кээде адамдык фактор да себеп болорун белгилейт.

“Илгери кыргыздар жайыттарды которуштурууга зор маани беришчү. Жайкысын жайлоого, кышкысын кыштоого чыгууга, табиятка зыян келтирбегенге аракет кылышчу. Азыр адам өзү сел жүрүшүнө себепчи болуп атат. Айрым жайыттарда дарак, чөп калбай калганда суу сиңбей калат. Кичине жамгыр жаап, жантайыш жер болсо эле сел жүрөт. Дарак тигип, үйдүн тегерегине арык казып, малды которуштуруп жайыш керек. Биз тоолуу аймакта турабыз. Бизде сел кырсыктары болгон, бар, дагы болот".

ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин маалыматында, 2024-жылы нөшөр жаандан кийин 330 сел кырсыгы катталып, 22 кишинин өмүрү кыйылган.

Былтыр, 2024-жылы 21-августта Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан тоо көлү жырылган. Ага мөңгү эрип, көлдүн жер алдындагы агымдары көбөйүшү себеп болгону айтылган. Зындан 2008-жылы да жырылып, сел пайда кылган. Анда аймакта инфраструктура жабыркаган. 2017-жылы Ысык-Ата районундагы Челек-Төр тоо көлү жырылган. 2021-жылы Сокулуктагы Акбай тоо көлү жырылып, суу ташкыны пайда болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG