Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Иран менен Израил согушта жеңгенин билдирүүдө. Вашингтон-Тегеран сүйлөшүүсү болобу?


АКШ жана Израилге каршы демонстрация. Тегеран, 24-июнь, 2025-жыл
АКШ жана Израилге каршы демонстрация. Тегеран, 24-июнь, 2025-жыл

Америкалык президент Дональд Трамп эмки жумада АКШ менен Иран сүйлөшүү өткөрөрүн билдиргени менен Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегерандын андай планы жоктугун айтты. Расмий Вашингтон Ирандын негизги өзөктүк объектилери АКШнын бомбалоосунан талкаланганына ишендирип келатат.

Ал арада Израил жана Ирандын жетекчилеринин ар бири согушту жеңгенине ынандырып, элин куттуктап жатышат.

24-июнда Израил менен Иран ортосунда ок атышпоо режими күчүнө киргени менен маалымат согушу уланып аткандай.

Бейшембинин кечинде Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи куралдуу жаңжал токтогондон бери биринчи жолу теле кайрылуу менен чыгып, мекендештерин жеңиши менен куттуктады. Анын алдын ала жазылган билдирүүсүн мамлекеттик телеканал көргөздү.

"Биздин куралдуу күчтөрүбүзгө алардын алдыңкы, бир нече катмардан турган коргонуу системасынан ашып өтүп, шаарларына, аскердик объектилерине ракета менен сокку урууга, заманбап курал колдонуу менен аларды жер менен жексен кылууга жардам берген кудайга миң мертебе ыраазыбыз".

Иран менен Израилдин желеги
Иран менен Израилдин желеги

Израил соккуларын баштагандан бери белгисиз жерде жашырынып жүргөн Хаменеи болочокто Иранга чабуул коюлса, ал үчүн кымбат баа төлөшөрүн эскертти.

Өз кезегинде Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Ирандын үстүнөн болгон жеңиш тынчтык келишимдерине өбөлгө түзгөнүнө басым жасады:

"Биз Иранга каршы чечкиндүү күрөшүп, жеңишке жеттик. Бул жеңиш тынчтык келишимдерин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн кескин кеңейтти. Биз мунун үстүнөн жигердүү иштеп жатабыз. Барымтадагыларды бошотуу жана ХАМАСты талкалоо менен катар дагы башка мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Биз аларды колдон чыгарбайбыз, бир да күндү текке кетирбешибиз керек".

Анын алдыңкы күнү Израил армиясынын Башкы штабынын командачысы Эайл Замир Иранга каршы аскердик операция максатына жеткенин, Тегерандын өзөктүк программасы талкаланганын айткан.

13-июнда Израил чабуул баштаганда Ислам жумуриятынын өзөктүк программасын бутага алганын билдирген. Иран ага жооп кайтарып, Израилдин аймагына ракеталарды жаадырган. Эки тараптан тең жоготуулар бар. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 627 киши каза таап, 5000дей адам жараланганын айтса, Израил 28 киши мерт болгонун билдирген.

21-июнда АКШ жаңжалга түздөн-түз аралашып, Ирандын үч өзөктүк ишканасын бомбалагандан эки күн өткөндө Катардагы америкалык база соккуларга кабылган. Ошондон кийин Вашингтон жана Доханын арачылыгы менен тараптар ок атышпоо сунушуна көнгөн.

Бейшемби күнкү сөзүндө аятолла Али Хаменеи АКШ “чоң ийгиликке жетпегенин” белгиледи. Ошол эле маалда 25-июнда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи өлкөнүн атомдук ишканалары АКШ жана Израилдин соккуларынан олуттуу зыянга учураганын билдирген.

Ал эми жергиликтүү медиа кабарлагандай, тышкы иштер министри Аббас Аракчи чабуулдар тескерисинче, Тегерандын өзөктүк программасын өнүктүрүүгө болгон аракетин күчтөндүргөнүн айтты.

Ирандын өзөктүк программасы олуттуу зыян тарттыбы?

Вашингтон менен Тел-Авивдин операциясы Ислам жумуриятынын атомдук курал жасоо аракеттерин канчалык артка жылдырды деген суроо талаш жаратып келатат.

Исфахандагы өзөктүк ишкана АКШнын соккусунан кийин. Иран, 24-июнь 2025-жыл
Исфахандагы өзөктүк ишкана АКШнын соккусунан кийин. Иран, 24-июнь 2025-жыл

26-июнда Пентагондун башчысы Пит Хегсет Ирандагы өзөктүк жайларды бутага алган аба соккуларды “тарыхый жактан ийгиликтүү чабуул” деп сыпаттап, АКШ Ирандын өзөктүк дараметин “талкалаганын” белгиледи.

“Чечкиндүү аскердик аракеттин натыйжасында Ирандын өзөктүк кудуретин талкалоо жана жер менен жексен кылуу аркылуу президент Трамп согушту токтотуучу шарттарды жарата алды”.

Хегсет Американын соңку соккулары Ирандын өзөктүк программасын жок кыла албаганы тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларды четке кагып, бул жаңылыктарга негиз берди деген чалгын кызматтарынын “баштапкы” бүтүмү толук эмес экенин кошумчалады.

Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Ливитт да ушундай мазмундагы билдирүү жасап, аятолла Хаменеинин айткандарын четке какты. Анын айтымында, мындайда “тоталитардык режимдер өз жүзүн сактап калууга” аракеттенет.

Бейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы тыптыйпыл кылынгандыктан, тиешелүү келишим түзүү канчалык зарыл деген күмөн саноосун ортого салып, эмки жумада АКШ жана Ислам жумуриятынын өкүлдөрү жолугушарын билдирди.

Эртеси Ирандын тышкы иштер министри Аракчи андай пландар жок экенин, бирок Кошмо Штатар менен сүйлөшүүлөр өлкөнүн кызыкчылыгына канчалык дал келери талданып жатканын айтты:

"Биз Америка менен сүйлөшүп жатканбыз, Израил аны үзгүлтүккө учуратты. Андан кийин Европа менен сүйлөшүү баштаганда, Америка ага балта чапты. Ошон үчүн сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайталы деп айткандар адегенде кайсы үстөлдү айтып жатканын тактасын".

Башкы дипломат өлкөнүн өзөктүк жайлары “аз эмес зыян тартканын” белгиледи. Тиешелүү мекемелер өзөктүк программанын жаңы жагдайларына баа берип жатканын, алардын жыйынтыгы Ирандын болочок дипломатиялык позициясын аныктарын кошумчалады.

Аракчи Тегерандын атомдук программасы АКШ жана Израил айткандай өзөктүк курал жасоону эмес, жай турмуштук максаттарды көздөрүн билдирди.

Иран менен АКШнын бул жааттагы сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы 15-июнда Катарда өтмөк. Бирок дипломаттардын кездешүүсү Израилдин соккуларынан улам үзгүлтүккө учураган.

Шерине

XS
SM
MD
LG