12 күндүк согуштан кийин Израил менен Иран ок атышпоо жөнүндө макулдашкан cоң - ЦАХАЛ Газа тилкесине кайрадан көбүрөөк көңүл бурарын билдирди.
Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
Украинанын Днепр шаарында орус аскерлеринин шейшемби күнкү соккусунан каза тапкандардын саны 18 кишиге жетти. Эртеси да Запорожье, Харьков облустары аткыланганын, бир киши каза тапканын, бир нечеси жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Соңку күндөрү социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы боюнча билдирүүлөр талкууга түштү. Айрыкча, нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы бул талкууларды жандантты.
Израилдин бийлиги Иран менен ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенин ырастады. Бирок көп узабай Ислам жумурияты макулдашууну бузуп, ракета атканы үчүн Иран бийлигинин Тегерандагы буталарына каршы операцияны улантуу буйругу берилгенин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун жаратты. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.
АКШ Иранга каршы сокку уруу же согушка аралашпоо чечимин эки апта ичинде кабыл алат. Ал тапта Орусия Украинанын Одесса шаарына дрондон чабуул жасады. Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга кымбаттады.
Иран менен Израилдин жаңжалы курчуп жатат. Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктап жүргөнүн баланын жакындары айтып чыкты. Бишкектеги электрдин жапырт өчүшүнүн себеби айтылды.
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду.
Америкалык маалымат каражаттары Дональд Трамп АКШнын Израилдин Иранга каршы соккуларына катышуусун караштырып жатканын жазышты. “Үч өспүрүм биринчи класстын окуучусун зордуктаган” деген маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды.
Дагы жүктөңүз