Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Машинени камсыздандыруу: Айдоочуларга 1-сентябрга чейин “өткөөл мөөнөт” берилди


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

1-июлга чейин автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга 1-сентябрга чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дүйшөмбү күнү билдирди.

“Бул өткөөл мөөнөт түрдүү себептерден улам транспорттук каражатын 1-июлга чейин камсыздандырууга үлгүрбөй калгандар үчүн каралган”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугуп, жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин шейшембиге чейин албай калган айдоочулардын маселесин талкуулашкан.

Kaktus.Media жазгандай, бул жолугушууда Элдияр Калдарбеков айдоочулардын бир бөлүгү техникалык же башка себептерден улам полисти алууга үлгүрбөй калганын айтып, милиция кызматкерлерин андай жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган. Жыйындын соңунда полисти албаган айдоочуларга убактылуу айып пул салбай, эскертүү берүү чечими кабыл алынган.

2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак. Декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 1-июлга чейин жылдырган болчу.

Шерине

XS
SM
MD
LG