Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Баку: "Спутниктин” кеңсесиндеги рейдде эки киши кармалды


"Спутниктин" Москвадагы кеңсеси, 2018-жыл.
"Спутниктин" Москвадагы кеңсеси, 2018-жыл.

Орусия каржылаган “Спутник-Азербайжан” жаңылыктар агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында бир нече адам кармалды.

Азери күч түзүмдөрү агенттиктин директору Игорь Картавыхты жана кызматкери Евгений Белоусовду камакка алганын дүйшөмбү күнү жергиликтүү Report сайтты билдирди.

APA аттуу жергиликтүү дагы бир сайт “Спутниктин” кеңсесиндеги операцияда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) тиешеси бар деген эки киши кармалганын жазды.

Азырынча бул маалыматты ырастаган расмий билдирүү жарыялана элек. Орусиянын бийлиги да “Спутниктин” Бакудагы кеңсесинде болгон тинтүү иштери боюнча комментарий бере элек.

Кремль каржылаган медианын Бакудагы кеңсесиндеги рейд Азербайжан менен Орусиянын мамилеси солгундай түшкөн учурда болуп жатат. Буга 27-июнда Екатеринбургда орус күч түзүмдөрү теги азери 50дөй адамды кармаганы, андан кеминде эки киши каза тапканы себеп болду.

Азербайжандын бийлиги Орусияга нааразылыгын билдирип, Москвадан Екатеринбургдагы окуяга тиешеси бар адамдарды жоопко тартууну талап кылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова кармалгандар орус жарандары экенин айткан.

Быйыл февраль айында Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Гажизаде “Спутник-Азербайжан” басылмасы жоюлганын, бул медиага бир гана кабарчысына аккредитация алууга уруксат берилгенин билдирген. Report сайтты жазгандай, Азербайжан бийлигинин мындай чечимине карабастан “агенттик ишин улантып, кызматкерлери жумушка келе берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG