"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Кыргызстанда күндө 200дөн ашык адамдан ковид аныкталууда. Вирсука чалдыккандардын көбү 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар.
Бишкек шаары таштандыга толуп, тазаланбай жатат.
Кыргызстандык 300 адам Жапониянын фабрикаларында иштей алат.
Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапты. Коргоо министрлиги жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, кокустуктан улам өзүн атып алып, көз жумганын айтып жатат.
Балыкчыда 1950-жылдары курулган эт комбинатынын тегерегиндеги 4 гектардан ашык жер талашка түштү. Комбинаттын ээси Султан Урманаевдин аны алуу аракетин көрүп келет. Ал эми талашка түшкөн жердеги барак үйлөрдүн жашоочулары буга макул эмес.
Орусия армиясынын Одесса облусунунун түштүгүндө карапайым тургундар жашаган үйгө жана эс алуу лагерлерине урган соккусунан кеминде 18 киши набыт болду.
Орусиянын аскерлери Кара деңиздеги Украинага таандык Змеиный аралынан чыгып кетишти. Жалал-Абадда шаурмага ууланган 23 адам ооруканага түштү. Бийлик "Манас" жана Ош аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөөдө.
Орусиянын күчтөрү Донбасстагы Лисичанск шаарын туш келди аткылап жатат. Украинанын бийлиги кырдаалды “өтө оор” деп сыпатташууда.
Орусия армиясынын Кременчуг шаарындагы соода борборго урган соккусунан кеминде 18 адам набыт болду. Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчыларды кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу актады.
Дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы Украинанын Киев баштаган ири шаарларына ракеталык сокку урду. Бишкекте жол боюнда кызыл чийинден чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү иштери башталды. Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылык акциясына чыкты.
Америка Кошмо Штаттарына барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданган ондогон жаран Бишкектеги “Грин Лайт компани” аттуу компанияга виза үчүн алды 5, арты 16 миң долларга чейин берген.
Орусиянын аскер күчтөрү Северодонецк шаарын жана анын айлана-тегерегин тынымсыз бомбалап жатат. Мугалимди шылдыңдагандарды жоопко тартууну караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова УКМКга суракка кирип чыкты.
Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Киевге келди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты, Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо кайрадан кызматына киришти. “Ихсан” турак жай кооперативине акчасын салып, кайра кайтарала албагандар Бишкекте 3 күндөн бери топтолуп жатат. Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана түркиялык 10 адамга кыргыз жарандыгын берди деген эки иш боюнча соттон акталды. Бишкекте 50дөй киши Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы чыкты.
Украинада эки кыргызстандык каза тапты. Депутат Жанарбек Акаев абактарды «криминал менен акча башкарып калганын» айтып, жабык мекемелерди «радикалдуу түрдө реформалоо керектигин» белгиледи. Атазовго каршы акцияга чыккандар анын мандатын тапшырышын талап кылышты.
Орусиянын армиясы Сверодонецкинин басымдуу бөлүгүн ээлеп алды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн таңга жуук ок атылып, андан Тажикстандын 26 жаштагы чек арачысы каза тапты. Кыргызстан Орусиянын чек ара кызматына Бишкектен 25 сотыхка жакын жерди 49 жылга ижарага берүүдө.
Украина күчтөрү кандуу кармаш жүрүп жаткан Лугансктагы Северодонецк шаарынын борбордук бөлүгүнөн артка чегинүүгө аргасыз болушту. Акылбек Жапаров майда дүкөндөргө ККМди коюуну убактылуу токтотуп турарын билдирди. Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды.
Дагы жүктөңүз