Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу бүтпөй турат. Долборлоо иштери 2015-жылы башталган. План боюнча пайдаланууга 2019-жылы берилмек. Бирок ушул тапта 550 орундуу мектептин каркасы гана турат. Качан бүтөрү белгисиз.
Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырын
14-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине даярдык аяктады. Оюнга билеттер беттеш башталарына эки күн калганда эле сатып кеткен. Бүгүн эки команданын оюнчулары оюн алдында машыгып, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.
Балдары Сирияга кеткен энелер “Азаттык” радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар кыргыз бийлигинен согуш баскан өлкөдөн уул-кыздарын алып келип берүүнү өтүнүшөт.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында "Капас" спектаклинин бет ачары өттү.
22-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу болду.
Кыргызстанда оорулуунун жанына арачы болгон анестезиологдор тартыш. Эреже боюнча бир анестезиолог алты бейтапты гана кароого милдеттүү болгону менен, иш жүзүндө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бардык оорукчандарды дарылоого мажбур.
Бишкекте мамлекеттик кызматкер жетекчисинен сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазды. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Мындан улам Интернет колдонуучулар иш учурундагы харассментке каршы флешмоб баштады.
Ангелина Гаранинанын бала кезинде бутунда пайда болгон шишик өсмөгө (рак) айланган. Ага 11 жашында Орусияда операция жасалып, дарыгерлер кыздын бир бутун кесип салышкан. Ангелина жарым жыл мурун моделдик ишин баштаган. 20 жаштагы модел сулуулук сынагында 3-орунду жеңип алды.
18 жаштагы студент бир жыл мурда Бишкектеги клубдардын биринде каза тапкан. Анын өлүмүнө айыпталып эки студент камакка алынган.
Быйыл январь айында Москва шаарында кыргызстандык жаран Мусулманкул Камбаралы уулу киши колдуу болуп каза болду. Аны орусиялык 17 жаштагы өспүрүм бала бычактап салган деп шек саналууда. Анын соту 17-октябрга белгиленди.
Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын жана ички иштер министрин жоопко тартууну талап кылышты.
“Кумтөргө” берилген коруктун жерининин айрым жагдайлары “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн атайын чыгарылышында
Кыргызстанда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленип жатат.
17-сентябрда, Жогорку Кеңештин тийиштүү эки комитетинин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалын, «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругугунун аймагы боюнча маалымат алды.
Кыргызстандагы улут саламаттыгы, өлкөнүн стратегиялык маанилүү жайлары болгон курорттор эмнеге талкаланып жатат? Аларды мамлекет камкордукка алышы керекпи? Жети-Өгүз, Жыргалаң, Ысык-Ата, Жалал-Абад санаторийлеринин азыркы адам зээнин кейиткен абалы тууралуу атайын чыгарылыш.
Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары - 2019» сынагында ага-ини Эламан жана Айбек Каныбековдор биринчи орунду ээлешти. Аталган сынакка 80ге жакын өлкөдөн 300гө жакын өнөрпоз катышкан. Катышуучулардын өнөрүнө Өзбекстандан президенти Шавкат Мирзиёев да күбө болгон.
Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына туура 28 жыл толот. "Азаттык" датага байланыштуу өлкөдөгү карапайым инсандардын сүрөттөрүн чогултту. Сүрөттөр 2015-2019-жылдар аралыгында тартылган.
Бишкектин түштүк ыптасында жаңы сейил бак ачылды. Апрель айында пайдубалы түптөлүп, жалпы аянты 10 гектардан ашуун сейил бакка жакында көзү өткөн илимпоз-эколог Эмил Шүкүровдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Мындай сунуш менен бир катар активисттер интернетте онлайн петицияга кол коюшууда.
Дагы жүктөңүз