Өкмөттүн 28-августтагы жыйынында жаңы окуу жылына даярдык маселеси каралып, окуу китептери менен аттестаттарды ката жазуу маселеси көтөрүлдү.
Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди.
Атбашылык 17 жаштагы Айпери Абдыгазы кызы билим алуу, китеп окуу жаатында коомдук иштерди жүргүзүп келет. Курбалдаштарынан көркөм адабияттын таасири жана пайдасы тууралуу кеп-кеңештерин аябайт. Тубаса шал оорусуна чалдыккан кыз тагдырына моюн сунбай жаштарга дем берүүчү, алга сүрөй турган чыгарма жа
20-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты.
Кыргызстандын аскердик авиациясы 60 жылдык мааракесин белгиледи. Аба парады менен коштолгон салтанатка ардагер учкучтар да катышты. Абадан коргоо күчтөрүнүн учкучтарынын айтымында, авиациянын техникалык базасы жетиштүү, бирок узак учуп машыгууга май тартыш.
Ош-Бишкек жолу Кыргызстандын кооз аймагында жайгашкан. Анын жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. Эгер сиз Бишкектен Ошко жол тартсаңыз Суусамыр өрөөнүн аралап, Ала-Бел ашуусунан өтүп, андан ары Токтогул суу сактагычына көзүңүз түшөт.
Бүгүн 11-августа, Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы өтүүдө.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке Москвадан учуп келди.
8-августта мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Жыйынтыгында анын үйүнүн айрым жерлери күйүп, ичиндеги буюм, эмеректердин бир тобу жарактан чыгып калды.
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева өлкөдөгү акыркы кырдаал, андан чыгуунун жолдору, президент жана өкмөттүн ишмердиги боюнча “Азаттыкка” маек курду. Аны менен кабарчыбыз Бакыт Асанов маектешти.
Анжиян аймагында байыртадан жашап келаткан кыргыздар арбын.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Билим берүү министрлиги ашпозчуларды азык-түлүк менен иштөөгө үйрөткөн атайын окуудан өткөрдү.
Ушул тапта жалпы баасы дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, Ош-Баткен-Исфана жолдорунун курулуштары өз мөөнөтүндө аяктабай турганы анык болуп калды.
Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы алты айында 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулду.
Соңку жылдары волейбол ойногон кыз-келиндердин катары калыңдоодо. Топко, ишке, үйгө да убакыт тапкан айымдар волейболду жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары эсептешет. Алардын көбү спорттун бул түрүнө турмуштан ордун таап, токтолуп калган кезде кайтып келишкен.
Айгүл Кыдыралиева – гримёр. Ал Саякбай Каралаевдин образын жаратканы үчүн Лондондо сыйлык алган. Таланттуу гримёрго актерлор гана эмес, башка кесиптин ээлери да кайрылат.
Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары менен ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды.
8-июлда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 улан-кызга «Алтын сертификат» тапшырды.
Төрага Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясында эл өкүлдөрү жакшы иштеп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин төрага сессияны жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.
Дагы жүктөңүз