Европадагы эң ири IT компаниялардын биринде иштеген Айзада Акбекова маалымат технологиялары жаатында адис болуу үчүн кандай билим алуу керектигин айтып берди. Ошондой эле Германия жана Европа өлкөлөрүнө миграцияга баруунун жол-жобосу тууралуу ой бөлүштү.
7-январда дүйнө православдары Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашууда.
Соода борборлорунда жаңы жылга даярдык учурунда баалардын кымбаттаганы анчалык деле байкалбайт. Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин базарда атаандаштык көп экени менен түшүндүрүп жатышат. Кардарлардын пикиринде соңку кезде майрам үчүн ашыкча каражат которткондордун саны азайды.
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен кетип, анын ордуна депутат Айсулуу Мамашева шайланды.
26-декабрда өлкөнүн чар тарабынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган миңден ашык окуучу Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамына чогулушту. Арасында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары да бар.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттык» менен маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны, бажыдагы коррупция, алдыдагы шайлоо тууралуу суроолорго жооп берди.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу 24-декабрда Опера жана балет театрында өттү.
Алты спортчу "Жылдын мыкты спортчусу" деп табылды. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Улугбек Жолдошбеков, паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиев, кикбоксчу Авазбек Аманбеков жана балбан Бектурган Кожомуратов.
Этно музыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү.
Кыргызстанда билим берүү акысыз. Бирок ушундай шартта балага билим берүүдө ата-эненин салымы, орду, мектеп менен алакасы кандай болушу керек? “Азаттык” бул суроого эл арасынан жооп издеп көрдү.
Жакында жүргүзүлгөн иликтөө Кыргызстанда өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көргөзгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган, Улуттук филармонияда өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү.
Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 30 миң майып бала бар.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди.
Бишкекте студенттердин "Mirrors" же "Күзгү" аттуу музыкалык театры бар. Анда 14 жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери роль жаратып келет. Алар өлкөдөгү кырдаалды ыр жана бий аркылуу көрсөтүп беришет. Жакында эле бул ышкыбоз жаштар "Кафе 6/7" аттуу мюзикл коюшту.
Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясы өтүп жатат. Ага уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри катышууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Расмий жолугушуудан кийин эки өлкөнүн президенттери басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Дүйшөмбүдө жаштар “Азаттыктын” чыгаан журналисти Улан Эгизбаевди эскеришти. Аны Улан Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси уюштурду.
«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Бишкек шаарынын тургундарынын пикири кандай?
Дагы жүктөңүз