2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери орус армиясынын кеминде 115 857 жоокери каза тапканын Би-би-си, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык маалыматтарга таянып аныкташты.
Набыт болгондордун басымдуусу - өз ыктыяры менен согушка кеткендер. Орус бийлиги былтыр күздөн тарта келишим түзгөндөрдүн эсебинен Украинада согушкан аскерлеринин катарын толуктоого өткөн.
Журналисттердин эсебинде жашы 18деги кеминде 240 орусиялык улан келишим менен барып, согушта өлгөн. Алардын эң кенжеси Смоленскиден барган Даниил Чистяков окко учканда 18ден жаңы эле өткөн. Ал майданга барганына бир нече гана күн болгон.
18деги Виталий Иванов согушка Иркутск облусунан келишим менен барган. Анын энеси Анна уулу эки апталык машыгуудан кийин аскердик чалгынчы деген адистик алып, 2025-жылы 5-февралда согуштук тапшырма алганын айтып берди.
"Бул анын алгачкы жана акыркы майдандагы тапшырмасы болду", – деп эскерет маркумдун энеси. 4-мартта аялга аскердик комиссариаттан чалып, Виталий 11-февралда набыт болгонун угузушкан. Ал майданда бир гана апта жүргөн.
2023-жылы Орусияда жашы жете электерди келишим менен армияга алууга жол ачкан мыйзам күчүнө кирген. Ага чейин армияга келишим менен жогорку же орто кесиптик билими барлар гана чакырылчу.