Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Пикир үчүн жаза. Айыптоочу абактагы журналистке 8,5 жыл сурады


Канышай Мамыркулова сотто.
Канышай Мамыркулова сотто.

Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотто прокурор журналистти 8,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сурады. Буга байланыштуу социалдык тармактарда нааразы пикирлер жазылды.

Үч жарым айдан бери абакта отурган Канышай Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам кылмыш иши козголгон.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышууда.

"Таразада адам тагдыры"

30-июнда журналист Канышай Мамыркулованын сот иши уланып, айыпталуучу көрсөтмө берди. Мамыркулованын адвокаты Асел Аргымбаева сот жараянында айыпталуучунун көрсөтмөсүнөн кийин судья жарыш сөзгө өткөнүнө нааразы болууда. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Адвокат Асел Аргымбаева.
Адвокат Асел Аргымбаева.

"Айыпталуучуну сурап бүтөрү менен судья тараптарды шаштырып, жарыш сөзгө өттү. Ал муну өзүнүн жайкы өргүүсүнүн убактысы келип калганына байланыштырып жатат. Бул жакта адам тагдыры чечилип жатса, кантип таразага жайкы эс алуусу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышы күтүлүп жаткан адам тагдырын чогуу койду? Эгер "эмгек өргүүсү" адамдын толук кандуу коргонуусунан маанилүү болуп жатса, кантип сот адилеттиги жана сот системасынын абийири тууралуу айта алабыз? Бүгүнкү сотто судьянын жүрүм-туруму да кооптондурду. Канышай Мамыркулова сүйлөп жатканда, судья аны уккусу келген жок, сүйлөтпөй сөзүн бөлүп атты. Эгер судья өзүн коргоп жаткан айыпталуучуну уккусу келбегенин ачык көрсөтүп атса, адилеттүү сотко үмүт кайдан болот?", - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Адвокаттын маалыматын тактоо үчүн Октябрь райондук сотуна кайрылдык. Азырынча соттун кеңсеси "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Адвокат Асел Аргымбаеванын сөзүнө караганда, жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочу соттон Канышай Мамыркулованы сегиз жыл, алты айга эркиндигинен ажыратууну сураган.

"Прокурор соттон Канышай Мамыркулованы Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ал кылбаган кылмыштар үчүн сегиз жыл, алты айга эркиндигинен ажыратууну суранды. Автору коңшу өлкөнүн лидеринин фамилиясын да билбеген экспертизанын негизинде адамдын сегиз жарым жылдык өмүрүн алганы жатышат. Эгер өкүм ушул экспертизанын негизинде чыгарыла турган болсо, анда бул соттун катачылыгы болот".

"Медайымды сабаган милиционер үй камагында, Канышай камакта"

Канышай Мамыркулова 20-мартта кармалып, камакка алынган.

Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам “Массалык башаламандыкка чакырык”, “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган.

Журналист өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин билдирип келет.

Мамыркулованын жалгыз бой эне, ден соолугуна байланыштуу дарыланып жүргөнүн белгилеген айрым кесиптештери, укук коргоочулар, жарандык активисттер аны үй камагына чыгарып, тергөөнү улантууну күч кызматтарынан, соттон сурап, талап кылып келет.

Алардын бири - журналист Жаркын Ибраева прокурордун сурап турган мөөнөтүнө нааразы экенин билдирди.

Жаркын Ибраева
Жаркын Ибраева

"Прокурор сегиз жарым жыл сураптыр. Бул аябай таң калтырат, жиниңди келтирет, өкүндүрөт. Канышай ооруп жүрөт, дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек, үй камагына чыгарып койгула деп суранып эле келе жатабыз. Аны уккан киши жок. Жакында эле бир милиция кызматкеринин кызды сабаган видеосу чыкты. Андан мурда медайымды да сабаган экен. Аны сот үй камагына чыгарып койду. Элде айтылгандай, "топоз жеген кутуруп, тоок жеген тутулат" дегендей болуп жатат".

Март айынан бери Бишкектин №1 тергөө абагында кармалып турган Канышай Мамыркулованы боштондукка чыгаруу өтүнүчү менен өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго ачык кайрылуу жолдогон.

Анда журналистти кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы кооптуу абалда экени да белгиленген.

Мамыркулованын иши: Журналисттер бийликке, эл аралык коомчулукка кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00


Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган эл аралык уюмдар жана медиа уюмдар журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып келишет.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.



Канышай Мамыркулованын иши боюнча кийинки соттук териштирүү 3-июлга белгиленген. Анда адвокаттар жарыш сөзгө чыгары күтүлүүдө.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG