Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

"Үй камагына чыккандан бери эч ким байланышпады". Стамбулда кармалган мугалим жардам сурайт


Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу жубайы менен.
Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу жубайы менен.

Түркияга мектеп окуучуларын олимпиадага алып барып, Стамбул аэропортунда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун соттук иши сентябрда карала баштайт. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган мугалим үй камагына чыгарылып, учурда Стамбулда жашап жатат.

"Азаттык" Азамат Нурмат уулу менен байланышып, кепке тартты.

- Түркияда кармалгандан тарта сиздин ишиңиз Кыргызстанда талкууга түшүп, көпчүлүктүн тынчсыздануусун жаратты. Абалыңыз кандай азыр?

- Азыркы абалым жакшы, рахмат. Мен 20-апрель күнү лицейдеги окуучуларым менен Анталия шаарына математика сабагы боюнча олимпиадага Стамбул шаары аркылуу бараткам. Бирок ал күнү биз Стамбул аэропортуна конорубуз менен мени укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап, ошол эле күнү анча чоң эмес сот залына алып барып, Газиантеп шаарындагы судьялар онлайн байланыш аркылуу мени камакка алуу чечимин чыгарды. Ал жерде мага коюлган айыптарды прокуратура кызматкери өзүмө айтты. Мен камакта үч жума болдум. Бир апта камакта отургандан кийин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жиберген адвокат келип, арыз жазып, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Ошол күндөн тарта Стамбулда үй камагындамын, эки жакка чыгууга тыюу салынгандыктан, китеп окуп, мугалимдердин билим деңгээлин өнүктүргөн онлайн курстарга катышуу менен алекмин.

- Сиз Түркияда тыюу салынган Гүлендин кыймылына байланышы бар деген шек кармалганыңыз тууралуу да айтылды эле. Конкреттүү түрдө эмнеге айыптап жатышат? Козголгон иш боюнча эмнелерди айта аласыз?

Стамбулда кармалган мугалим бийликтен жардам сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:39 0:00

- Мага козголгон иштин алкагында коюлган айыптардын эң башында мобилдик тиркеме турат. Анын аталышы Bylock. Мен ал тиркемени телефонума көчүргөнүмдү билем, бирок анчейин деле колдонгон эмесмин. Ал тиркеме Whatsapp же Instagram өңдүү кат алмашкан эле тиркеме, анын анча маанилүүлүгү жок эле. Андан кийин Dermek деген жаштар уюму бар болчу. Анда ар өлкөлөрдөн келип, Газиантепте окуп жаткан студенттердин башын кошуп футбол ойнотуп, улуттун тамак-аш жарыштарын уюштуруп келген. Мени ошол уюмга “мүчө болгонсуң” деп айыпташты. Ошондой эле уюмдун жатаканасында түнөпсүң дейт. Бирок ал уюмдун деле анча коркунучтуу, коомду бөлүп-жаруучу максаттарын көргөн эмесмин. Андан сырткары мурдагы BankAsya деген банк бар эле, менин ал жерде банктык эсебим бар эле. Андан сырткары Түркиянын башка банкына да катталгам. Алар аркылуу ата-энем эсебиме акча салып турган. Мен ал кезде студент элем.

- Сизге карата кылмыш иши кайсы жылы ачылыптыр?

- Мен Газиантептеги университетти 2017-жылы бүтүргөм. Ошондо түрк бийлиги менин колума дипломумду карматып, эми мугалим боло аларымды, эл агартуучулук иштерди аткарууга толук даярдыгымды билдирип, мекениме жөнөткөн. Мага каршы кылмыш иши 2019-жылы, мен Түркиядан кеткенден кийин коюлуп жатат. Албетте өзүмө коюлган айыптар менен макул эмесмин. Себеби ал убакта мен катардагы студент болчумун. Мен бул жерге билим алганы гана келген элем, аны түрк бийлиги өзү да кубаттап, жогорку билимиң бар деп тастыктаган дипломун берип жатпайбы. Анан эле кайра менин түшүмө кирбеген айыптарды коюп жатышы абдан таңкалыштуу. Мен ошол алган дипломумдун негизинде өз мекенимде соңку 8 жылдан бери математика мугалими болуп иштеп келаткам. Менин окуучуларымдын арасында алтын сертификат алгандары бар, бир тобун чет жерлерге математикадан олимпиадаларга даярдап, алып барып жүргөм, көбү мыкты орундарга ээ болгон. Мен иштеген мектептердин баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Адвокатым: "Кыргызстанга кайтканымда мурдагы “Сапат” билим берүү мекемелеринде ишиңди улантасыңбы же жокпу?" - деп сурап жатат. Албетте иштейм, мен мугалиммин, мен келечек муундарына билим беришим керек. Бул билим берүү мекемелерин кыргыз бийлиги өзү көзөмөлдөйт, Агартуу министрлигинен каттоодон өткөн, баары мыйзамдуу да.

Азыр үй-бүлөм, ата-энем, жакындарым мен үчүн абдан кабатыр болуп турушат. 90 жашка келип калган чоң энем бар, ал киши “сенин террордук уюмга кандай тиешең бар?” деп таң калып атат. Балдарым кичине. Кичинекей кызым мен камакта жатканда үч аптадан кийин видео байланыш аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, “ата” деп айтпады (тааныбай калыптыр). Эми менин ишенгеним – кыргыз өкмөтү. Бийлик мендей катардагы эле мугалимин аман-эсен чыгарып кетет деп ишенем.

- Азыр Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги сизге кандай көмөк көрсөтүүдө?

- Стамбулда камакта отурганымда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги адвокат жөнөтүп, ал менин үй камагына чыгышыма көмөк көрсөткөн. Мен үй камагына чыккандан кийин да элчиликке барып келдим. Ошол күндөн бери эч кабар жок, элчиликтен деле байланышкандар болбоду. Адвокат деле Курман айт майрамынан кийин байланышабыз деп ошо бойдон кайра кайрылган жок. Адвокатты элчилик жибергени менен ага кеткен чыгымдарды толук өзүң көтөрөсүң деп айтышкан. Анын акысын Кыргызстандагы досторум төлөп беришти. Ал эми азыр Стамбулдагы жашоомду тууган-уруктарым, досторум камсыздап жатат. Стамбул чоң шаар болгондуктан, чыгымдар да ошондой болот экен. Азыр болушунча колдогу каражатымды үнөмдөп жашап жатам. Ыңгайы келген жерге барып, жашап турам. Сот 30-сентябрда болот. Кыргыз бийлигине кайрылам, менин мекениме кайтышыма көмөк көрсөтүңүздөр. Мен Түркиянын мыйзамын бузган же кандайдыр бир тыюу салынган уюмдун ишмерүүлүгүн колдогон эмесмин. Менин маселеме көңүл буруп коюуңуздарды өтүнөм. Мен катардагы эле карапайым мугалиммин.

Маалымат үчүн:

Азамат Нурмат уулу 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. Ал Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында кармалып туруп, май айында эч жакка кетпөө шарты менен үй камагына чыккан.

Кыргызстандын Агартуу министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталияга барганын кабарлаган. Окуучулар жана башка мугалимдер 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келген.

28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.

32 жаштагы Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф”, мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Ушул тапта “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейди 2010-жылы аяктаган. Кийин Түркиянын Газиантеп университетинин математика факультетин бүтүргөн.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG