Бишкекте аялга зомбулук көрсөтүп, кол көтөргө деген айып менен кармалган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери үй камагына коё берилди.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнда чыгарган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөсүчү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн берген, судья аны четке кагып, милиция кызматкерин 25-августка чейин үй камагына алган.
25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. УКМКнын маалыматына ылайык, жабыркаган аял бул факты боюнча арыз менен кайрылып (Н.к.Н.), окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун айткан. Анда ИИМдин кызматкери мас болуп аны бетке чаап жибергенин билдирген.
Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, милиция кызматкерине 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча да кылмыш иши козголгону аныкталган. (BTo)
Шерине