25-июнга оогон түнү Орусия Украинанын Запорожье жана Харьков облустарына "Шахед" дрондору менен сокку урду. Бул туууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.
Запорожье облусуна абадан төрт сокку урулуп, анын кесепетинен төрт адам жаракат алганын облустун аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Маалыматка караганда, алардын биринин абалы оор. Облустун бутага алынган аймагында бир нече турак жай жана автоунааларды өрт чалганы маалымдалды.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов билдиргендей, шаарга жети “Шахед” дрону менен сокку урулуп, бир адам жарадар болуп, ооруканага жаткырылды. Киев районунда жайгашкан жарандык ишкана жана турак жай жабыркады.
Харьков облусунун Купянск шаарында облус башчысы Олег Синегубовдун айтымында, беш адам жаракат алды. Көп кабаттуу турак үйгө зыян келтирилгени кабарланды.
Украинанын Днепр шаарында Аза күтүү күнү жарыяланды. Мындай буйрукка шаар мэри Борис Филатов кол койду. Такталган маалыматтарга ылайык, 24-июнда шаарга орусиялык армия урган соккудан 17 адам каза таап, 279у жарадар болгон. Учурда жүздөй киши ооруканада жатат. Жабыр тарткандардын 27и балдар, алардын эң кеңжеси алты айлык.
Сумы облусуна чабуул
Түн ортосунда Сумы облусунун айрым калктуу конуштарына сокку урулганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алдын ала маалыматта чабуулдан улам үч өмүр кыйылды, арасында бала бар. Алтоо жарадар болду.
Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын Киев шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен кеминде алты адам каза болуп, 25и жараат алды. Бул тууралуу шаар бийлиги жана Украинанын Башкы прокуратурасынын кеңсеси билдирди.
Чабуулдун кесепетинен Шевченко районунда жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн бир подъезди кыйрап калды. Жанындагы үйдүн терезелери сынып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар күйүп кетти.
Мындан тышкары, Святошин, Соломен, Голосеев жана Дарница райондорундагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр, кеңсе имараттары, коомдук тамактануучу жайлар жана автоунаалар жабыркады.
Киев облусунда чабуулдун кесепетинен жайкын тургун каза болуп, дагы сегиз адам жараат алганын Украинадагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат маалымдады.
Борисполь районундагы чабуулдан эки жеке турак үйдө өрт чыккан. Белоцерковь районунда жеке жана көп кабаттуу үйлөр жана Буча районунда төрт жеке үй, үч унаа жабыркаган.
Херсон облусунда да жайкын тургун каза болгону кабарланды.