Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда үчүнчү жолу өрүк фестивалы өттү. "Сары кыздын тою" деп аталган иш-чара көлдүн түштүгүндө эко-агро жана этнотуризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Дыйкандар өздөрү өстүргөн продукцияларын ала келип, тажрыйбалары менен бөлүштү.