Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Төрөгелдиева эки кыздан кийин эркек төрөй албаганы үчүн үйүнөн куулган. Азыр эки кызы менен батирде турат. Төрөттөн кийин тыңый албай, инсультка кабылган Гүлзат эми араң басып, 1-топтогу майып да болуп калган.