Митингге чыккандар бөйрөк оорулуу жарандардын дарылануусуна акча аз бөлүнүп жатканын, бөйрөгү алмаштырылган жарандарга өкмөт тарабынан такыр эле каражат бөлүнбөгөндүгүн айтып, бул көйгөйлөргө Саламаттыкты сактоо министрлигинин көңүл бурушун талап кылышты.