Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
Соңку күндөрү социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы боюнча билдирүүлөр талкууга түштү. Айрыкча, нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы бул талкууларды жандантты.
Бексултан Жакиевдин "Мен байкемдин улуумун" аңгемесинде согуштун азап-тозогу, жакынынан ажыраган баланын арманы сүрөттөлгөн.
Чех жазуучусу Карел Чапек көккө көтөрүлгөн кыялкечтин канаттуу сезимин боорун жерден көтөрө албаган байкуштар кантип жок кылышканын "Учууну билген адам" аңгемесинде ишенимдүү сүрөттөп берген.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
17-майда Швейцариянын Базел шаарында өткөн Eurovision-2025 ыр сынагында австриялык ырчы JJ жеңишке жетти. Ал "Wasted Love" (Текке кеткен сүйүү) деп аталган, опера стилиндеги бийик ноталар камтылган ыры менен катышты.
Аяк-башы көрүнбөгөн казактын кең талаасынын четинде, шамал менен күнгө туурулган боз шыбак тамда эне-бала, чоң атасы, чоң энеси жашайт. Баланын атасы согушка кеткен. Кемпир-чалдын басса-турса тилегени уулунун майдандан аман-эсен кайтышы.
Француз жазуучусу Ги де Мопассандын "Элет күндөрүнүн таржымалы" тагдыры татаал зайыптын башынан кечирген азап-тозокторуна арналган. Бактысын тапканча байкуш аял кандай кыйынчылыктарды көрбөдү, басынып-кысынып жүрүп чоң сырын жан адамга билдирбеди. Катылган сыр кези келгенде ачылат экен.
Зайырбек Ажыматов... Мекенчил акын, камкор ата, чыныгы дос. Кең дүйнөнүн алакандай бурчунда 44 жыл гана жашаган инсанды тааныгандар ушундай баа беришет. Кыска өмүрүндө далай кыргызга дем берген ырларды жазып кеткен Зайырбек Ажыматов биздин, кесиптештеринин эсинде чыныгы Адам бойдон калды.
Касым Сулаймановдун "Чөнтөк телефон" аңгемесинде турмушка даяр эмес эрке кыздын тагдыры тууралуу сөз болот.
Ушул айда Никколо Макиавеллинин айтылуу “Өкүмдары” кыргыз тилинде жарык көрдү. Италиялык ойчул, даанышман жана дипломаттын 500 жылдан ашуун мурда жазылган эмгеги дүйнөдө эң көп окулган китептердин бири.
Дагы жүктөңүз