18-апрелде юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн КСДП өз мүчөлөрүнүн санын, каржысын, эсеп-кысабын тактап, мөөр алуу аракетин улантууда.
18 жашында согушка кетип, Днепропетровск аймагындагы согуш талаасында окко учкан кыргызстандык жоокер Мукаш Саалакуновдун дарегин билиш үчүн «Бир тагдырдын изи менен» аттуу экспедициялык топ Украинага барды.
Кыргызстанда соттогу коррупцияга жарандардын укуктук сабатсыздыгы себеп болууда. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева “Азаттыктын” “Эки бир” маегинде билдирди. Калиева сот реформасы, сотторго басым жана сот бийлигинин айланасындагы чуулгандуу окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Аны
Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнө салды. Январь айында Кыргыз улуттук драма театрында Лениндин ролун чебер аткарган, даңазалуу актер Сатыбалды Далбаев “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” конок болгон. “Сыябан маекте” Кыргыз эл артисттери, таланттуу актерлор жана өрнөктүү жубайлар 85 жаштагы Сатыб
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маек.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы жана өткөөл президент кандай шарттар менен тандалган? “Азаттыктын” суроолоруна Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыска убакыт аралыгында ыкчам кадамдарга барышы керек. Бул тууралуу пикирин “Азаттыкка” маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
7-апрелде 2010-жылкы апрель ыңкылабына тогуз жыл болот. Аны утурлай «Азаттык» Кыргызстандын тарыхындагы ири саясий окуянын күңгөй-тескейин күбөлөр менен чогуу эскерет.
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. Ал - 2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан жарандарга ок атуу фактысы боюнча айыпталып, соттолгон мамлекеттик кызматкерлердин бири.
Кыргызстандын улуттук жазуучулар Союзунун жаңы төрагасын шайлоо жараяны 85 жылдык тарыхы бар бул башкы чыгармачыл уюмдун көйгөйлөрүн күн тартибине чыгарды.
Узарбек Жылкыбаев - президент Сооронбай Жээнбековдун кадрларды ротациялоо демилгесинин алкагында өкмөттүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган алгачкы жетекчилердин бири. Губернатор "Азаттыктын" 2х1 форматындагы интервьюсунда чек ара, улуттар аралык, диний, саясий маселелерге
Жогорку Кеңеште принципиалдуу маселелер каралып жаткан учурда парламенттин ишмердигине кийлигишүү аракеттери байкалат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясатында өзгөрүүлөр, бурулуштар болуп жатканын көрсөтүшү керек. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыктын” камактагы саясатчылар тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев жакында “Азаттыктын азаптуу жолу”, "Айтматов өз элинин абийири", “Адабият жана илим дүйнөсүндө” аттуу үч китеп чыгарып, анда эгемен Кыргызстандын өзү аралашкан саясий, адабий жана илимий калыптануу, өнүгүү жолуна баа берген.
“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, “Конституциянын атасы” атыккан, учурда камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 60 жашка чыгат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн саясатчыларды сындоо жана башка аракеттери менен аларды чыйралтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Азаттыктын” “Эки бир” маегинде билдирди.
Жакында кыргыз өкмөтү “Санариптешкен Кыргызстан” деген беш жылдык программанын концепциясын коомдук талкууга чыгарды. Анын максаты өлкөнү маалыматтык технологиялык мамлекетке айлантуу деп өлкө бийлиги билдиришүүдө.
Алтымышынчы жылдардын этегинде “Бульварым” аттуу ырды аткарып “жылдызга” айланган Айша Базарбаева – көп кырдуу өнөрпоз Чоро Кожомжаровдун улуттук эстрадасынын алгачкы солисттеринин бири.
Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча келишимди Жогорку Кеңеш өкмөттүн суранычы менен шашылыш кабыл алган. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Эки бир” эксклюзив маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев билдирди.
“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун партиялашы жана жакын үзөңгүлөшү Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Азаттыктын” “Эки бир” маегинин коногу болду.
Дагы жүктөңүз