Бишкекте 9-май Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына арналган салтанат акыркы жылдары салткай айланып бара жаткан «Өлбөс полктун» жүрүшү менен коштолду. Бул жүрүштүн башында чоң атасынын сүрөтүн көтөргөн президет Сооронбай Жээнбеков турду. Ушул эле жүрүшкө экс-президент Алмазбек Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөр
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн моралдык
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына арналган жыйын өттү. Ага 400дөн ашык адам катышты.
Жогорку Кеңеш 2-майдагы жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.
Бир тууган Матраимовдор 1-майда Кара-Суу районунда өткөргөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттардын жана биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун катышканы коомдо кызуу талаш жаратты.
25 жаштагы Айзада Cагынбек кызы 12 жылдан бери полиартрит оорусу менен күрөшүп келет. Айзада өзү жашаган Кемин районунун Алтымыш айылына коңшу жайгашкан айылдагы мектепте англис тилинен сабак берген жалгыз мугалим болчу.
Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести. Анын иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралды.
Бишкекте 49+ клубунун мүчөлөрү чакан концерт беришти. Жашы 49дан ашкан ар кыл кесиптин ээлери бир жарым айдан бери вокал чеберчилигин окушкан. Алар 50дөн кийин максатка жетүүгө кеч эмес деп эсептеп, жашы өткөн аялдар тууралуу айтылган стереотиптерге каршы чыгышат. Клубдун негиздөөчүсү Гekmмира Сарма
Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Жыйырма күнгө созулган бул көргөзмөдө Жибек жолу аралап өткөн өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары көрсөтүлдү.
Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизгинин талашкандар бүгүн Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Жетинчи Билим фестивалы «Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү» деген ураандын алдында өтүүдө.
12-апрелде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүндө Кыргызстандын күнү белгиленип, тарыхы, маданияты, каада-салты жана тамак-ашы тууралуу маалыматтар берилди.
9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарып, каргаша шалаакылыктын айынан болгон деп тапты.
«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам 70 күндөн бери жашап жатат.
Бишкектин «Дордой» командасы АФК кубогунун алкагында биринчи тайпалык оюнду өткөрдү.
«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, лидери Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарышты. Абдрахмановдун талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошту.
«Ак-Тилек» бекетинде 270 автоунаа кезекте турат. Алардын арасында Казакстандын чек арачыларынын текшерүүсүнөн өтпөй калып артка кайтарылган автоунаалар да бар.
Бишкекте мектеп курагындагы балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдөн кыздар командасы катышуу үчүн келген. Бирок, өлкө боюнча кыздардан түзүлгөн хоккей командасы жоктугунан алар мелдештен тышкары бишкектик команда менен достук беттешин өткөрүштү. "Азаттык"
Бишкекте 27-мартта кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өтүп, 80ге жакын макулдашуу, келишимдерге кол коюлду.
Дагы жүктөңүз