"Туткунда чычкан, курт жедик". Орус кемесин тилдеген украин суучулдар тарткан азап

Укрианалык мурдагы согуш туткуну Орусияда абакта отурганда күн сайын ур-токмокко кабылганын, ачка болуп карайлагандан улам курт, самын жегенин "Азаттыктын" кабарчысына айтып берди. Владислав Задорин орус согуш кемесин жолго салган айтылуу Змеиный аралындагы чек арачылардын бири болчу.

“Орус согуш кемеси, жолуңа түш!” (“Russian warship, go f*** yourself.”)

Согуш башталган күнү, 2022-жылдын 24-февралында Кара деңиздеги аралда кызмат өтөгөн украиналык чек арачынын Орусиянын согуш кемесинин багынуу талабына кайтарган жообу эл арасында тездик менен тарап, түрдүү мемдер, футболкалар менен почта маркалары пайда болгон.

Орусиянын баскынычылыгына дуушар болгон украиндер үчүн ошол сөздөр улуттун туруштук берүү символуна айланып, коңшу өлкө бир нече күндө же жумада багынып берет деген Кремлдин божомолун төгүнгө чыгарган.

Змеиный аралындагы 80 кишиден турган украиналык контингент туткунга алынганда ошол сөзү үчүн орусиялыктардан запкы чегип, өтө ырайымсыз мамилеге кабылган.

Адегенде украиналык чек арачылар аткылашууда набыт болгону кабарланган, кийин аларды туткундап кетишкени белгилүү болгон. Деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлер бөлүгүнүн мурдагы жоокери Владислав Задорин абактагы азап чегүүлөрү жөнүндө “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы Сашко Шевченкого айтып берди.

“Такай уруп-сабоо”

“Ал сөздөр орустардын жинин келтирди. Жөнөкөй аскер орус армиясындай кубаттуу машинага кантип ошентип айтсын? Ал үчүн биз улам-улам токмjк жеп келдик”, – деп айтып отурду 26 жаштагы Задорин. Ал 679 күн камакта отуруп, былтыр январда туткундарды айырбаштоонун алкагында үйүнө кайтып барган.

Дагы караңыз "Апа, мен кайтып келдим". Украина менен Орусия туткундарды алмашты

Орусиянын бийлиги Задоринди жана Змеиный гарнизонунда аны менен кошо кармалган чек арачылардын үндөрүн текшерип, кимиси “Москва” согуштук кемесинин дарегине жаман сөз айтканын аныктоого аракеттенген.

“Мени сегиз жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Балдардын жомокторун окутушкан. Мен дароо эле бир нерседен шек санап, ар бир жолу добушумду өзгөртүп окуп жаттым. Бир туруп каргылдантып, кийинкисинде үнүмдү ичке же жоон кылып аларды чаташтырууга аракеттендим”, - деп баяндап берди мурдагы матрос.

2022-жылдын апрелинде украин ракеталары тийген “Москва” крейсери чөгүп кеткенден кийин чек арачыларга ыдык көрсөтүү күчөгөн. Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы болгон кеме чөккөнү тууралуу кабар тарагандан кийин, Задориндин айтымында, алар ур-токмоктон “жаздыкка окшоп коридордо учуп жүрүштү”.

“Бокс мүшөктөрү”

Ыдык, уруп-сабоо ал отуруп чыккан орус абактарында күнүмдүк көнүмүшкө айланганын айткан Задорин ошол жайларды концентрациялык лагерлерге салыштырат.

“Газ камералары менен крематорийлердин жоктугу эле болбосо, шарт-жагдай концлагердегидей эле болчу. Чексиз физикалык жана моралдык зомбулукка дуушар болдук”, - деп улантты мурдагы жоокер.

Задориндин айтымында, алар “кемсинтүүгө жана орусташтыруу аракетине” кабылган. Мисалы күчтөп окуткан тарых сабактарында президент Владимир Путин менен өкмөтү кайталап келаткан билдирүүлөргө дал келген “бурмаланган маалыматтарды” беришчү.

“Зордуктоо жана кастрация учурлары болду. Башында кыйноонун андай түрүн маалымат алуу үчүн колдонушса, кийин жөн эле убакыт өткөрүп, көңүл ачуу үчүн жасашчу”, - деп улантты Задорин.

Анын айтымында, кийин түрмөгө тергөөчүлөрдүн улам бир тобу келип жатты.

“Алар кийин орусиялыктарга да ошондой ыкма колдонуу үчүн бизди кантип туура сабап, украиндерди кантип суракка алуу керектигин үйрөнүшкөн”.

“Биз сокку урууну үйрөнүп, машыгуу үчүн пайдаланган бокс мүшөгүндөй болчубуз. Денебиз шал болуп калышы үчүн электрошокерди кайсы жерге багыттоо зарыл, 220 вольт электрди кантип туташтырууну машыгышчу.

“Мисалы бөйрөккө адамдын таманы аркылуу урса болорун билчү белеңер? Ооба, мүмкүн экен. Тамандан улам-улам койгуласа, бөйрөк жабыркайт. Биз мунун барын билебиз, башыбыздан кечиргенбиз, ачуу тажрыйбабыздан билебиз.

"Чычкан, самын, былжыр, курттар”

“Мен үчүн ушундай запкы, ур-токмокко караганда эң оор ачарчылык болду”, - деп айтат Задорин. Орус аскерлери Змеиный аралына чабуул койгондо салмагы 120 килограмм болсо, орус абагынан бошотулганда 60 килограммга арыктаган.

“Биз чычкан, даарат кагазын, кир самын, былжыр, курттарды, айтор, эмне табылса, ошону жеп жаттык”, - деп кеп салып отурду Задорин.

Дагы караңыз “Кызым, согушта туткунга түштүм”. Украинада 50дөн ашуун борборазиялыктын абалы арсар

Ага жана камерада чогуу отургандарга “күнүнө бир сындырым кара нан” беришчү. “Атайылап кум же жыгачтын таарындысын кошуп коюшчу, болбосо көгөрүп кеткен нан беришчү. Жегенге мүмкүн болбогон нан беришсе да, биз жеп жаттык, себеби тирүү калууну каалаганбыз”.

Задорин Змеиный аралында туткундалган украиналыктардын бири дагы деле Орусияда камакта жатканын кошумчалады.

“Бул согуш быйыл аяктабайт”

2022-жылдын июнь айында, Задорин туткунда отурган кезде Украина Змеиный аралын кайтарып алууга жетишкен. Ошондо Киев аскерлери орусиялык күчтөрдү аралдан сүрүп чыгарганын билдирген. Орусия болсо жоокерлери “жакшы ниетин көргөзүп” өздөрү калтырып кеткенин айткан.

Ал арада Задорин туткундун жана ырайымсыз мамиленин кесепеттери менен жашап келатат. Анын омурткалары балка менен чабышканда жабыркаган, табарсыгында мандем бар, баш мээсинен жараат калган. Жигит көзү кээде көрбөй каларын айтып, абакта башынан кечиргендери психикасына өмүрүнүн аягына чейин таасир эткенин кошумчалайт.

Эркиндикке чыккандан бери Задорин мекенине кайтып келген мурдагы туткундар менен иштеп келатат. Аларга тамак-аш, дары-дармек, медициналык тейлөө, ар кандай бюрократиялык иштер жагынан жардам берип, “кадимки турмушка кайрадан көнүүгө” көмөктөшөт. Анын пикиринде, туткундан боштулгандардын 70-80 пайызы армияга кайтууну каалабайт, себеби орусиялык абак алардын жашоосуна чоң так калтырды.

Дагы караңыз Кремлдегилер Украинадагы баскынчыл согушка жакырларды айдашат

Андан тышкары мурдагы матрос Break The Fake долбоорунун элчиси катары орусиялык дезинформацияга туруштук берүүнүн үстүнөн иштейт.

Украина менен Орусия 16-майда жана 2-июнда Стамбулда өткөргөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин сүйлөгөндө Задорин ал кездешүүлөрдүн пайдасы туткундарды жана каза тапкан жоокерлердин сөөктөрүн айырбаштоого гана тийгенин белгиледи.

“Бул узак согуш, быйыл аяктабайт”, - деп эсептейт Задорин.