"Сарказм менен сүйлөшөт". "Апрель" ишин токтотобу?

"Апрель" телеканалы жайгашкан медиа форум имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

"Апрель" телеканалынын ишмердиги токтошу мүмкүн экени айтылды. Анда иштеген журналисттер Телеграм-каналы аркылуу көрүүчүлөрүнө кайрылуу жасашты.

Журналисттер июль айынан тарта эмгек өргүүсүнө кетип жатканын билдиришти. Алар мындай кадамга учурдагы жүрүп жаткан сот жараяндары себеп экенин белгилешкен. Редакциянын жааматы телеканалдын ишмердиги мындан ары уланарына ишеним артпай турганын ачык айтышкан.

"4-июлда Октябрь райондук соту прокуратуранын биздин редакцияны жаап, социалдык тармактардагы баракчаларыбызды бөгөттөө өтүнүчү боюнча чечим чыгарат. Биз буга чейин эле сот кандай чечим чыгарбасын, ал аткарыларын айтканбыз. 99% болжол менен сот чечими биздин пайдабызга чыкпайт. Ошондуктан, биз күчүбүздү башка тармакка сарптап, ошол жактан пайда келтирүүгө аракеттенебиз", - деп жазылган кайрылууда.

Дагы караңыз "Апрель ТВ": Шаардык сот телеканалды колдогон чечим чыгарды

27-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Апрель" телеканалын жабуу боюнча прокуратуранын арызы каралган. Сот жараянында телеканал даярдаган берүүнү талдаган тасма тааныштырылган.

Анда телеканалдын YouTube каналындагы “Не жаңылык” берүүсүнүн бир нече чыгарылышы талданып, "терс маанайдагы кабарлар бийликтин кадыр-баркына доо кетирет" деген өңдүү комментарийлер менен коштолгон.

"Тергөөнүн тасмасы эксперттерге түздөн-түз басым"

Апрель айынын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Апрелдин” “Не жаңылык” берүүсүндө терс маанайдагы жаңылыктар камтылып, бийликтин кадыр-баркына доо кетирет деп тапкан.

Анын негизинде прокуратура телеканалдын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган.

27-июнда Октябрь райондук соту аталган арыз боюнча ишти карады. Журналисттерге сот процессин сүрөт жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

Жараянда телеканалдын "Не жаңылык" берүүсүндөгү бир нече чыгарылыш талданган кыска ролик көрсөтүлдү. Анда "Апрель" телеканалынын алып баруучусунун сүйлөө манерасынан тартып, даярдалган программаларга чейин комментарийлер жазылган.

Соңунда телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев роликти ким даярдаганын айыптоочу тараптан сурады.

Прокуратура өкүлү тасма телеканалдын программаларына карата жүргүзүлгөн соттук-психологиялык, лингвистикалык жана саясий-илимий экспертизанын корутундусунун негизинде даярдалганын айтып, бирок ким тарабынан даярдалганын ачыктаган жок. Анын сөзүнө караганда, тасма тергөө материалдарына тиркелген.

Прокуратура өкүлү бул тууралуу маалыматты кийинки жараянга даярдап келерин белгилеп, ошол эле учурда жарыш сөзгө даярданууга мөөнөт сурады. Жыйынтыгында судья Төлөндү Самаков ишти кароону 4-июлга калтырды.

Прокуратура негиз кылып жаткан "Апрель" телеканалынын "Не жаңылык" берүүсүндө Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар чагылдырылат жана айрым учурларда сөз болуп жаткан темага ылайык кайсы бир фильм, мультфильмдин үзундүсү же учкул сөздөр менен коштолот.

Сотто көрсөтүлгөн тасмада берүүлөрдөгү видеоколлаж, “телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот” деген бүтүм комментарийи жазылган.

Адвокат Акмат Алагушев сотто көрсөтүлгөн тасма менен телеканалдын берүүлөрүнө экспертиза жүргүзгөн эксперттерге багыттама гана эмес, басым жасалып жатат деген пикирин "Азаттыкка" айтты:

Акмат Алагушев

"Бул таптакыр туура эмес. Анткени бул тасма тергөөчүнүн токтому менен эксперттерге барып түшсө, бул түздөн-түз аларга жасалган басым. Мына ушундай жазгыла, айткыла деген эле көрсөтмө болуп жатпайбы. Эки эксперт сотто "берүүлөрдө массалык башаламандыкка, бийликти алмаштырууга чакырыктар жок" деп жооп беришти. Бирок бийликти сындаган берүүлөр боюнча "бийликке ишенимсиздикти күчөтүп, кадыр-баркына доо кетирет" деп айтып жатышат", - деди Акмат Алагушев.

Прокуратуранын доо арызында “Апрель” телеканалынын Ютуб, Фейсбук, Телеграм, Инстаграмдагы ишмердигин токтотуп, лицензиясын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Дагы караңыз "Сарказм, мимика коштогон терс жаңылыктар". Прокуратура "Апрелди" жабууга арыз берди

"Альтернативдүү маалыматсыз жалганчылык көбөйөт"

Эл аралык уюмдар соңку эки жылда Кыргызстанда журналисттерге жана жарандык активисттерге бийлик тарабынан куугунтук күчөгөнүн белгилешкен.

Amnesty International уюму Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөгөнүн билдирген.

Уюм былтыркы тогуз айда эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 71ден ашуун кылмыш ишин козгоп, басымдуу учурда "улут аралык кастыкты козутуу", "массалык башаламандыкка чакыруу", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү" беренелерин колдонгонун белгилеген.

Ушул тапта Темиров LIVE жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абакта. Долбоордун 2024-жылдын башында кармалган 11 журналистинин жетөө акталып, экөө пробацияга чыгарылган. Дагы бир кызматкери абакка кесилип, бирок кийинчерээк президенттин ырайымы менен түрмөдөн чыккан.

“Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айыпталган журналист Канышай Мамыркулова 20-марттан бери камакта отурат.

Дагы караңыз Мамыркулованын иши: Эксперт келген жок, сот кайра жылды

Май айында “Клооп” порталынын эки кызматкери "массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен камакка алынды. Буларды белгилеген журналист Элвира Султанмурат кызы өлкөдө сөз эркиндиги жана альтернативдүү маалымат каражаттары болушу керек деп билдирди.

Элвира Султанмурат кызы

"Эгерде басым күчөй берсе, альтернативдүү маалымат булагы жок болсо, элде кайрадан маалыматка талап күчөйт. Жыйынтыгында жалган маалыматтар көбөйүп, бийликтин өзүн эле түйшөлтүүсү мүмкүн. Ошондуктан, өлкөдө көз карандысыз журналистикага, көз карандысыз маалымат каражаттарына иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк берилиши керек".

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2025-жылы 180 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат. Мында Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кеткен.