УКМК Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшеновду кармаганы кабарланды

Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшенов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-июнда Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновду кармаганы белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоо органдардагы булактар билдирди.

Мунун алдында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун чоо-жайы териштирилип жатканын билдирген.

“Бүгүн текшерип барсак, ошол жерде иштеген подрядчы компаниянын башчысы качып кетиптир. Азыр издеп жатышат. Качып эч жакка бара албайт. Мамлекеттен бир сом жеген болсо, он эсе кылып кайтарып төлөтөбүз”, - деген Ташиев.

Мирлан Жекшенов 2022-жылы июнда Кара-Балтанын мэри болуп дайындалган. Анын кармалышы боюнча жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарынын арызы боюнча Токмок шаарына барып, анын тапшырмасы менен жыйын учурунда калаа мэри Максат Нусувалиевди жана үч кишини кармаган. Аларга калаадагы сейил бакты куруу ишинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган.

Расмий маалыматка ылайык, Токмоктогу спорт мектебин жана сейил бакты оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп “Аль-Кадыр-Сантехсервис” компаниясы аныкталып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан.

Иш 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил бакты көрктөндүрүү 44 млн 283 миң сом болгон. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулганы аныкталган.

Дагы караңыз

Бакуда Орусия каржылаган “Спутник” агенттигинде тинтүү жүрүүдөЕвропада күн кескин ысыды, дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдүБУУнун комитети Кыргызстанда Кыйноолорго каршы борбордун жоюлушуна тынчсыздануусун билдирдиОрусия Украинага жүздөн ашык дрон менен чабуул койду