Европада күн кескин ысыды, дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдү

Испаниянын Севилья шаары.

Европадагы бир нече күндөн бери уланып жаткан адаттан тыш ысык аба ырайынан улам Германиядагы Рейн дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөдү. Мындан улам кемелер азыраак жүк менен жолго чыгууга аргасыз болуп, карго компаниялар чыгымга учурап жатканын Reuters жаңылыктар агенттиги дүйшөмбү күнү жазды.

Кауб шаарында кемелерге жүктөлгөн товарлардын көлөмү 50 пайызга, Дуйсбург менен Кёльндө 60 пайызга чейин азайды.

Соңку бир канча күндөн бери Европанын Португалия, Италия, Хорватия, Испания, Франция сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө күн кескин ысып, калкка чукул эскертүүлөр берилип жатат. Испаниянын түштүк аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашууда.

Би-Би-Си жазгандай, өткөн ишемби күнү Испаниянын Эль-Гранадо аймагында күн 46 градуска чейин ысыды. Бул июнь айы үчүн рекорддук көрсөткүч.

Италиянын саламаттыкты сактоо мекемелери аба ырайына байланыштуу өлкөдө ысык уруп, ооруканага түшкөндөрдүн саны өскөнүн билдирип жатат.

Дагы караңыз

БУУнун комитети Кыргызстанда Кыйноолорго каршы борбордун жоюлушуна тынчсыздануусун билдирдиБакуда Орусия каржылаган “Спутник” агенттигинде тинтүү жүрүүдөОрусия Украинага жүздөн ашык дрон менен чабуул койдуПрокурор абактагы журналист Мамыркулованы сегиз жарым жылга кесүүнү сурадыАзербайжан Орусия менен байланыштуу бардык иш-чараларын токтотту