Ишемби күнү Сербиянын борбору Белград шаарындагы Славия аянтына бир нече миң киши студенттик митингге чыгышты. Белграддын көчөлөрү тосулуп, унаа кыймылы токтотулду.
Сербиянын Ички иштер министрлиги эң жогорку деңгээлде коопсуздук чаралары көрүлөрүн эскертти. Нааразылыкка чыккандар бийликтен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана шайлоо күнүн белгилөөнү талап кылышты.
Кечке жуук митингчилер менен полиция кагылышканы кабарланды. Полиция башчысынын маалыматында, алты тартип коргоочу жана эки тургун жабыркады.
Белград, Сербия. 28-июнь, 2025-жыл.
Сербиянын "N1 телеканалынын" кызматкери журналисттик күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай, полициядан жабыркаганын билдирди.
Студенттер жана оппозиция былтыр ноябрдан бери Нови-Сад шаарында 16 адамдын өмүрүн алган окуянын тергелишин жана өлкө жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылууда. Нови-Сад шаарында бекеттин бетон бастырмасы кулап, 16 адам каза болгон. Нааразылыкка чыккандар буга 2012-жылдан бери бийликте келе жаткан президент Александр Вучичти жана анын башкаруучу партиясын күнөөлөп жатышат.
Студенттердин акциясы менен катар эле Белградда өкмөттү колдогон акция өттү. Алар парламент алдына чогулушту.