27-июнда толуп, ташып кеткен Такыр-Төр көлүнөн 29-июнь күнү секундуна 2-3 метр куб суу агып чыгууда. Бул 28-июндагы көрсөткүчтөн 1 метр кубга аз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматка караганда, ушул тапта тоо көлүнүн абалына Улуттук илимдер академиясынын адиси коштогон ӨКМ кызматкерлери аэровизуалдык байкоо жүргүзүп жатышат.
Суу ташкынынан жабыркаган унаа жол, көпүрө жана сел өтүүчү каналды калыбына келтирүү иштери уланууда. Ага ӨКМ, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.
28-июнда Алмалуу айылында электр мамыларынын түптөрү бекемделген.
27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Тоолуу-Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап, Алмалуу айылындагы көпүрөнү агызып кеткен. Жол жабылган. Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолун, дачаларды, көпүрөлөрдү жана карылар-үйүнүн дарбазасын суу каптоо коркунучун жаралган.
Коопсуздук чарасында Алмалуу, Кебек-Бий айылдарынан 900дөй адам коопсуз жакка эвакуацияланган.
Такыр-Төр көлү буга чейин эки ирет, 1994- жана 2009-жылдары июнь айында ташып, кооптуу абал жаралган.
2024-жылы 21-августта Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан тоо көлү жырылган. Ага мөңгү эрип, көлдүн жер алдындагы агымдары көбөйүшү себеп болгону айтылган.(ZKo)
Дагы караңыз "Эгинди ылай басты". Такыр-Төр жырылгандан кийинки абал