Иран МАГАТЭнин башчысын өзөктүк объекттерине жолотпой турганын билдирди

Рафаэл Гросси.

Иран мындан ары Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гроссини өзөктүк обьекттерине киргизбейт жана видеокөзөмөл орнотууга уруксат бербейт.

Бул тууралуу Ирандын парламентинин вице-спикери Хамид Реза Хажи Бабаи билдирди. Ал МАГАТЭнин аракетин камтыган Батыштын басымы - "АКШнын иран элине душмандыгынын" бир бөлүгү деген сөзүн Mehr агенттиги жазды.

25-июнда Ирандын парламенти МАГАТЭ менен кызматташууну токтотууну кубаттаган. Ага ылайык эл аралык агенттиктин инспекторлору өзөктүк объекттерге кире албайт. Тегеран бул тыюу алардын коопсуздугу кепилденип, ал эми программанын тынчтык максаты тастыкталмайынча уланат деп билдирүүдө.

Ирандын өзөктүк программасы 1950-жылдардан тартып өнүгө баштаган. 2000-жылдардан кийин өлкө бир нече жолу өзөктүк курал жасоо аракетине айыпталган. 2015-жылы уранды байытууга чектөө киргизүү менен санкцияларды алуу боюнча келишим түзүлгөн. 2018-жылы АКШ келишимден бир тараптуу чыгып, Иран өзөктүк программасын жандандырган.

Жакында болгон жаңжалга чейин Тегеран менен Вашингтон келишимге кайтууну сүйлөшкөн, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Иран - өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин мүчөсү. Ага ылайык, МАГАТЭнин өкүлдөрү өлкөдөгү өзөктүк обьекттерди текшерүүгө укуктуу. Жакынкы убактарга чейин агенттиктин инспекторлору Ирандын өзөктүк объекттеринин ишин көзөмөлдөп турушкан. Агенттик Израилдин соккусунан жабыркаган Ирандын өзөктүк обьекттеринин чыгымын эсептеген.

Дагы караңыз

"Эгинди ылай басты". Такыр-Төр жырылгандан кийинки абалМыкты "икеномис" жана мыкчыгер. Өзгөн шиңгилиТрамп Хаменеини “жакшылыкты билбеди” деп күнөөлөдүОрусия Украинанын Одесса шаарына дрондор менен сокку урдуБишкек шаардык соту “Клооп Медианын” оператору Александровду камакта калтырды