28-июнга караган түнү Орусиянын аскерлери учкучсуз учактар менен Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Дрондордун бири 21 кабаттуу үйгө тийип, үч кабатта өрт чыкты.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай, адамдар батирлеринде камалып, чыга албай калышкан.
Шаардын мэри Геннадий Труханов чабуулдан улам бир үй-бүлөдөн эки киши мерт болгонун билдирди. Кеминде 17 киши жабыркады, алардын үчөө балдар.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, түнү менен өлкө аймагына 23 дрон чабуул жасады. Анын көбү Одесса облусуна багытталган. 22 дрон атып түшүрүлгөн.
2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьекттерди бутага аларын билдирип келет. (ErN)