Ошто турмушу оор тургундар убактылуу жашоочу жатакана ачылды

Ош шаарында ачылган социалдык жатакананын ачылышы. 27-июнь, 2025-жыл.

Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №942 дарегинде жайгашкан мурдагы кеңсе имараты кайрадан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, муниципалдык социалдык жатакана катары ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жатакананын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө калаа жетекчиси Жеңишбек Токторбаев турмушу оор жарандардан кайрылуулар көп болуп жатканын айтты. Мэр алардын басымдуу бөлүгүнүн батирге акча төлөө мүмкүнчүлүгү жок, кароосу жетишсиз, мүмкүнчүлүгү чектелгендер экенин кошумчалады. Ал аларга жардам берүү үчүн пайдаланылбай турган имаратты оңдоп, муктаждарды убактылуу жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

Имарат 45 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Үч кабаттуу жатаканада ашкана, эс алуу бөлмөлөрү, жуунуучу жайлар жана ажатканалар каралган. Жатакананын короосу тосулуп, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлгөн.

Мэриядан такташкандай, жатаканага жайгаштырыла турган үй-бүлөлөрдү атайын комиссия социалдык абалын карап чыгып, жашоого уруксат берет. Жашоочулар мында 6 айдан 2 жылга чейин жашай алат. Бул аралыкта аларга жумуш орун таап берилип, андан ары өз жашоосун жолго коюп алууга багыт берилип, көмөк көрсөтүлөт.

Курулуш иштери быйыл апрель айында башталып, жергиликтүү бюджеттен 34 миллион сом жумшалган.

Бишкек шаарында 60 кишиге ылайыкташкан социалдык жатакана 2013-жылы ачылган. Ал 2021-жылы кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөн. (ErN)