Кара-Суу: Базар башчысы менен соодагердин чыры иликтенүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу Кара-Суу базарынын жетекчиси менен соодагердин ортосундагы чыр чыгып, милиция териштирип жатканы белгилүү болду. Мунун алында соцтармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси ур-токмокко алганы тууралуу видео тарап, анда бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.

Ош облустук милициясы эки тарап тең арыз менен кайрылганын, арыздануучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын билдирди. Токмоктолгон жаран базар жетекчилиги сатууга койгон контейнеринен акча талап кылганын айтып жатат. Базар жетекчилиги муну четке кагууда.