Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шек саналып төрт адам кармалды

Шектүүлөрдүн бирин кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар деген шек менен төрт адам (Д.Л.К., Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул ишке “Барон” каймана аты менен белгилүү болгон цыган улутундагы Д.Л.К. жана анын жакындары катышкан. Мекеме ал баңги затын Чүй облусунан Казакстанга жана Орусияга ташуу менен да алектенгени аныкталганын кошумчалады.

“Баңги ишинен алынган пайданы аталган үй-бүлө буюмдарды сатуу, Германиядан жана АКШдан автоунааларды ташууга жамынып, жашырышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуация болду Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда түз аба каттамы ачылатКиев менен Москва согуш туткундарынын кезектеги тобун алмаштыПентагон АКШнын Ирандагы соккулары “ийгиликтүү” болгонун билдирдиУКМК Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгонун билдирдиГазадагы соңку чабуулдарда ондогон кишинин өмүрү кыйылды