Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуация болду

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке эвакуация болуп, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан), андан кийин Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан сокку урган. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Ирандын бийлиги Израилдин соккуларынан 600дөн ашуун адам каза болгонун билдирүүдө. Тегерандын аба чабуулдары 20дан ашуун израилдиктин өмүрүн алды.

22-июнда АКШнын аскердик учактары Ирандагы үч өзөктүк жайга бомба таштаган. 24-июнда Израил менен Иран ок атышууну токтотууга макул болгон.

Кыргызстан жарандарын абал курчуп турган убакта бул эки өлкөгө тең барбай турууга чакырып, коопсуздук чараларын так сактоо үндөгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда түз аба каттамы ачылатКиев менен Москва согуш туткундарынын кезектеги тобун алмаштыПентагон АКШнын Ирандагы соккулары “ийгиликтүү” болгонун билдирдиУКМК Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгонун билдирдиСпикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке кактыМамыркулованын сотуна эксперт келбей, отурум дагы жылдыТокмоктун мурдагы мэри баш болгон төрт адам эки айга камалды