Армения: Бийликке каршы акцияларды башкарган диниятчы кармалды

Архиепископ Баграт Галстанян кармоо учурунда. Ереван, 25-июнь, 2025-жыл

Арменияда былтыр өкмөткө каршы массалык демонстрацияларды жетектеген архиепископ жана анын кеминде 14 жактоочусу шаршемби күнү камакка алынды. Тартип коргоо органдары аларды бийликти басып алуу аракетинде “теракттарды” даярдаган деп айыптады. Оппозиция муну саясий куугунтук катары четке какты. 

Тергөө комитети архиепископ Баграт Галстанян оппозиция колдогон кыймылдын мүчөлөрү менен өткөн жылдын ноябрында бийликти күч менен кулатууга даярдана баштаган деп эсептейт. Билдирүүдө алар аты аталбаган “катардагы жарандарды” өлтүрүүнү, башка зомбулукка барууну жана ал максатта өлкөнүн коопсуздук органдарынын ишине тоскоолдук кылууну пландаганы айтылат.

Укук коргоо органдары Галстаняндын шериктери менен делген сүйлөшүүлөрдүн аудиосун да жарыялады. Тасмада көчөлөрдү тосмолоо, электр энергиясын кесүү, интернетти бөгөттөө жана өкмөттү төңкөрүүгө шарт түзгөн башка иштерди аткаруу үчүн чакан топторду уюштуруу пландары талкууланган добуштарды угууга болот.

"Кармоолордун артында саясат турат"

Тергөө комитетинин билдирүүсү Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Галстаняндын, анын эки жакын санаалашынын жана оппозициялык активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн маалда жасалды. Алардын айрымдары оппозициядагы ири партия – "Армениянын революциялык федерациясына" (Дашнакцутюн )жакын адамдар. "Дашнакцутюн" жана куугунтукка кабылган башка оппозициялык топтор бул иштин артында саясат турганын айтып айыпташты.

Галстанян анын Еревандагы үйү тинтилгенден кийин кармалган. Диниятчы аны машинага салып алып кетип жатышканда, төңкөрүш аракети деген айыптар күлкү келтирерин айтты.

“Шайтан, кулагыңа жакшылап түйүп ал, убакытың аз калды. Бир аз күтүп тур, биз келебиз”, - деген сөздөрү премьер-министр Никол Пашинянга багытталган деп чечмеленүүдө.

Галстаняндын адвокаты Сергей Арутюняндын айтымында, атайын кызмат курал-жарак же ыктымал кутумду далилдеген эч кандай материалдарды тапкан жок. Адвокат тинтүүнү “жарнама үчүн жасалган иш” деп четке какты.

Архиепископко жакын оппозициялык депутат Артур Саргсяндын үйүн да тинтишти. Эл өкүлү тинтүү Пашиняндын “коркконун” жана оппозициянын “оозун жабуу” аракетин көргөзөрүн айтты.

Тергөөчүлөр курал табылганын айтууда

Андан кийинки билдирүүсүндө Тергөө комитети коопсуздук кызматы жана полиция 90 жайды тинтигенде төңкөрүш аракетин далилдеген “буюмдар менен документтер” табылганы айтылат. Комитет бир нече даана курал-жарак жана ок-дары тартылган сүрөттөрдү чыгарып, алар конфискацияланганын маалымдады.

Галстаняндын кыймылынын мүчөлөрү ал курал-жарак мыйзамдуу сакталганын айтып, тергөөчүлөр өздөрү кээ бир сүрөттөрдө лицензияларды көргөзгөнүн белгилешти.

Тергөө комитети ошондой эле 16 кишиге айып тагылганын, 14ү камалганын билдирди.

Алдынкы күнү Армениянын башкаруудагы партиясына таандык сайт оппозиция иштеп чыккан “төңкөрүштүн планынын көчүрмөсү” делген документти жарыялаган. Ал планда Пашинядын бийлигин кулатуу макстаныдагы зордукчул аракеттер айтылган эмес. Ошентсе да, премьер муну өзүнө каршы кутумдун далилдери деп атады жана эртеси Тергөө комитетинин билдирүүсүн дароо кубаттады.

Оппозициянын лидерлери муну "токулган иш" деп сыпатташты.

Кызыгы Тергөө комитетинин “кутум планы” делген документте Галстаняндын командасы аны Пашиянындын “Жарандык келишим” партиясына жакын Civic.am сайты жазгандай быйыл эмес, 2024-жылдын июль-август айларында ишке ашырууну көздөгөнү айтылган. Сайтта ал дата көрсөтүлгөн эмес. Оппозициялык активисттер ушул фактыны белгилеп, мунун өзү эле кутум тууралуу ырастоолор күлкүлүү экенин далилдегенин айтышат.

Оппозициядагы негизги «Айастан» альянсы “мыйзамсыз камоолор менен тинтүүлөрдү”, “токулган айыптоолорду” айыптаган билдирүү жасады. «Дашнакцутюн» кирген саясий альянс армениялыктарды “биригүүгө” жана Пашиняндын башкаруусуна туруштук берген “улуттук каршылык очокторун жок кылууга” жол бербөөгө чакырды.

Галстанян былтыркы май-июнь айларында өкмөткө каршы акцияларды жетектегиче Тавуш облусундагы епархиянын башында турган. Акциялардын катышуучулары Пашиянды Азербайжан менен талашта аймактык чегинүүгө барган деп күнөөлөшкөн. Жерлер кошуна өлкөгө берилгенден кийин динаятчы Ереванда он миңдеген кишини чогултуп, Пашиняндын отставкасын талап кылган.

Былтыркы майда демонстрациялар кызып турган чакта өлкөдөгү дээрлик бардык оппозициялык саясий күчтөр Галстанянга кошулган же аны колдогон. Бирок кийин айрымдары Пашиянынды бийликтен кетирүү боюнча так жол картасынын жоктугу үчүн сындашкан.