Киев менен Москва согуш туткундарынын кезектеги тобун алмашты

Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт, 26-июнь 2025-жыл.

Украина менен Орусия согуш маалында туткунга түшкөн кезектеги жарандарын алмашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн бийлиги 26-июнда билдирди. Азырынча канча аскер тууралуу сөз болуп жатканы так белгисиз.

Украин лидери Владимир Зеленский мекенине кайтып келген украиналык аскердик кызматкерлердин сүрөттөрүн Телеграмдагы каналына жарыялап, алардын көбү согуш башталган 2022-жылдан бери туткунда жатканын жазды. Бирок ал тараптар канча аскерди алмашканын тактаган жок.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Украина өткөрүп берген орус аскерлери Беларуска жеткирилди.

Киев менен Москва июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну макулдашкан.

Дагы караңыз

Пентагон АКШнын Ирандагы соккулары “ийгиликтүү” болгонун билдирдиГаза: Израилдин соккусу 30дан көп өмүрдү алды "Гумжардамга баргандарга ок атылды". Израил Газадагы операцияны улантууда Арменияда бийликти басып алууга шектелген ондон ашуун адам кармалды