АКШда тажик жарандары мыйзамсыз мигранттарды ташыган деген шек менен кармалды

АКШ менен Мексиканын чек арасы.

АКШда Тажикстандын эки жараны мыйзамсыз мигранттарды Мексикадан ташып келүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. 30 жаштагы Бекзод Рахматов жана 31 жаштагы Мунис Хожиев жеке финансылык кызыкчылыктар үчүн түрдүү өлкөлөрдөн келген мигранттарды АКШ-Мексика чек арасынан аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылганын Американын Юстиция министрлиги 24-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Рахматов менен Хожиев Америкага мыйзамсыз жол менен бир күндө кирген. Алгач алар бир чет элдик жаранды Америкага алып киришкен. Андан соң ошол чет элдик жаран чек арадан мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн мигранттарды айыпталуучуларга багыттап турган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, тажик жарандары 2022-жылдын декабрынан 2025-жылдын май айына чейин башка адамдар менен биргелешип, чет элдиктерге документ даярдоого көмөктөшүп келишкен. Ал схемага ылайык, чет элдик иммигранттар адеп үчүнчү өлкөгө кирип, андан соң Мексика менен АКШнын чек арасына келип турган.

Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден бери АКШ менен Мексиканын чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, өлкө ичинде мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өткөрүлүп келет. Буга чейин Трамптын администрациясы мыйзамсыз мигранттарды атайын тиркеменин жардамы менен мекенине өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө чакырган.

30-апрелде Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) Америкада мыйзамсыз жүргөн 100дөн ашык өзбек, казак жана кыргыз жарандары Өзбекстанга депортация болгонун жарыялаган.

Дагы караңыз

Хаменеи Иран Израил менен жаңжалда “жеңишке” жеткенин айттыУКМК Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгонун билдирдиГазадагы соңку чабуулдарда ондогон кишинин өмүрү кыйылдыОрусияда Украинаны колдогон казак жараны 12 жылга соттолдуСпикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке кактыЕвропа кеңешинде Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүлөт