Ош: жетекчинин жумушун кылган студенттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу айыл чарба техникумунун жетекчиси өз студенттерин үй жумуштарына пайдаланары ачыкка чыкты. Андан сырткары техникум студенттери күн сайын беш-алтыдан нөөмөттөшүп, сабак учурунда окуу жайдын дарбазасын кайтарышары шардана болду. Кесипкананын илгертен берки жетекчиси мыйзам чегинде иштеп жатканын айтат.