Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Мамыркулованын иши: Эксперт келген жок, сот кайра жылды


Канышай Мамыркулова сот залында. 26-июнь, 2025-жыл.
Канышай Мамыркулова сот залында. 26-июнь, 2025-жыл.

Үч айдан ашык убактан бери абакта жаткан журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча отурум Бишкектин Октябрь райондук сотунда 30-июнда уланат. Соттун жылышына журналисттин ишинде экспертиза жасаган адистин дагы келбей калганы себеп болду.

Эксперт дагы келбеди

Ушуну менен Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотко Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызматтын эксперти Таалайбек Абдыкожоев үчүнчү ирет келген жок. Прокурор ал 11-июлга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын жана Бишкектен тыш жерде жүргөнүн билдирди.

Эксперт Абдыкожоев Мамыркулованын Фейсбукка жазган постторунда “массалык башаламандыктын белгилери бар” деген тыянак чыгарып, буга чейинки отурумда да прокурордун, адвокаттардын суроолоруна жооп берген. Бул жолкусунда Канышай Мамыркулова суроо узатмак.

“Менин абакта турган мөөнөтүм кечээ эле өтүп кеткен. Мен чампалап жатышабы деп ойлойм. Экинчиден, бул иште жападан жалгыз күбө, деги эле менин ушул жакка келишиме себепкер болгон эксперт бирөөнүн тагдырын чечип, өйдө-төмөн корутундусун чыгарып, эмгек өргүүгө кете берсин. Анын айынан мен камалып отура берейинби?”, - деди Канышай Мамыркулова.

Мамыркулованын адвокаттары экспертти сотко катыштыруу айыптоочу тараптын милдети болгонун белгилеп, муну процессти атайын создуктуруу аракети деп мүнөздөштү. Бул иште жалгыз күбө эксперт экенин, жактоочулардын да ага бир катар суроолору болгонун айтышты.

Бөгөт чараны өзгөртүү арызы канааттандырылбады

Мындан улам Мамыркулованын бөгөт чарасын өзгөртүү керектигин адвокат Акынбек Ногоев билдирди.

“Бул жерде айыптоо тараптын сот процессинин бузулушуна, убактысын создуктуруп жатканына түздөн-түз күнөөсү бар. Урматтуу төрагалык кылуучу, бизде өтүнүч бар. Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын камактан башка түрүнө алмаштырып бериңиз. Эгер айыптоо тарап муну камсыздап бербесе, эмнеге Мамыркулова абакта жөн эле отура бериши керек? Абдыкожоев эс алып атса, Мамыркулованы деле чыгарып коюңуздар”.

Прокурор Мамыркулованын бөгөт чарасынын өзгөрүшүнө каршы пикирин билдирип, мындай өтүнүч буга чейинки отурумдарда да келтирилип, четке кагылганын эске салды:

“Өкмөттүн токтомунун негизинде кандай оору болгондо бөгөт чарасын жеңил түрүнө өзгөртүү боюнча бекиткен тизмеси бар. Буга чейин да ооруганы боюнча тактаманы алып келген. Азыр да мындай тактамасы жок. Ошондуктан негизсиз деп эсептеп, бул өтүнүчтү канааттандырбоону суранабыз”.

Судья кеңешүүдөн келип, Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч четке кагылганын билдирди.

Адвокаттар мындан ары отурумду эксперттин катышуусу жок эле улантууну сунуштап, колдоо тапты. Кийинки процесс 30-июнга белгиленди.

"Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде эксперт эмгек өргүүсүнө чыкса, сот процесси жылсын деген талап жок. Ошондуктан бул жерде процессти атайын созуп жатат. Эптеп Канышай Мамыркулованы камакта кармап, кыйноо аракети менен таасир беребиз деп ойлоп жатышат”, - деди адвокат Акынбек Ногоев.

Адам укугуна каршы келген камоо

Адвокаттар Канышай Мамыркулованын туруктуу жашаган, иштеген жери бардыгын, өзү жалгыз бой эне экенин да жүйө келтирип, аны үй камагына чыгаруу керектигин айтып келишет. Бирок буга чейин бөгөт чарасын караган инстанциялар аны четке каккан.

Мамыркулова камалгандан тартып эле журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтып келишет.

Алардын бири, журналист Аскер Сакыбаева соттогу көрүнүштөр бул иш бийликтин көзөмөлүндө экенин көрсөттү деген пикирде.

“Канышайга ден соолук каалайбыз. Түрмө деген оңой эмес. Ал жерде ден соолугу начар эмес, саламат жүргөн киши деле ооруп калышы мүмкүн. Анчалык эле тергеп, суракка алгысы келсе, аны үй камакта кармаса, мыйзамга да, адамгерчиликке туура келмек. Тилекке каршы, соттордон адилеттикти, акыйкаттыкты күтүү болбогон кеп экенине көз жетти”.

  • Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен.
  • Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган.
  • Журналист мындай кинелерди четке кагып келет. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму кыргыз бийлигин Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.

Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG