Жакырчылыктын балдарга тийгизген таасирин талкуулаган «Ачык диалог» конференциясында балдарга инвестиция жумшоо учурдун талабы экени айтылды. Аталган конференцияны ЮНИСЕФ уюму уюштурган. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.