10-майда Каракол шаарындагы зоопарктан чыгып, көчөнү аралай качкан бөлтүрүк адамдарга кол салбасын деп атып өлтүрүлдү. Өлкөдөгү жалгыз зоопарктын кызматкерлери карышкырлар кармалган торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткендиктен бөлтүрүк тышка чыгып кеткенин айтышты.