Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Екатеринбургдагы рейд Баку менен Москванын алакасын чыңалтты


Азербайжандын Маданият министрлиги өлкөдө белгиленген Орусиянын иш-чараларынын баарын токтоткону белгилүү болду. Баку муну Екатеринбургдагы рейд маалында азери жарандарынын кармалышы менен түшүндүрдү.

Маданият министрлиги бул "Орусия Федерациясынын Екатеринбург облусунун аймагындагы орусиялык укук коргоо органдарынын азербайжандыктарды этникалык өзгөчөлүгүнө карап, атайын жана соттон тышкары өлтүрүүсүнө жана зомбулук көрсөтүүсүнө байланыштуу" жасалганын белгилеп, акыркы кезде мындай учурлар системалуу түрдө кайталанып жатканын белгилеген.

30-июнда Азербайжандын ички иштер органдары Орусия каржылаган “Спутник” жаңылыктар агенттигинин Бакудагы кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жатканын жергиликтүү APA жана Report басылмалары жазышты.

Мамиленин курчушунан улам Азербайжандын делегациясы республиканын Милли межлисинин жана Федералдык жыйынынын парламенттер аралык кызматташтыгынын жыйынына катышпоону чечти.

Парлементтин билдирүүсүндө буга орусиялык укук коргоо кызматкерлеринин азербайжандыктардын өлүмүнө алып келген "мыйзамсыз аракеттери" себеп болгону айтылат.

Азербайжан менен Орусиянын алакасы 27-июнда Екатеринбургда 50дөй азери тектүү адам кармалгандан кийин курчуган. Анда эки адам каза тапкан. Экөө оор жараат алган.

Азербайжандагы орус коомчулугу укук коргоо органдарынын бул аракетин айыптап, иликтөөнү калыс жүргүзүүгө чакырган.

Азербайжандык депутат Расим Мусабеков инцидентти "катаал" жана "азербайжандыктарды Орусиядан чыгаруу операциясы" деп атады. Ал муну менен катар операцияда саясий боёк бар экенин айтты.

"Муну такташ керек. Бул кайсы уюмдун демилгеси? Жергиликтүү күч структураларында Москва менен Бакунун алакасы бузулду деп эсептешип, учурдан пайдаланып, азербайжан диаспорасын текшерүүнү чечиштиби? Же бул Москванын Азербайжанга ич күптүсүн билдирген ишаратпы?", - деди ал.

Окуяга байланыштуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 28-июнда Орусиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Петр Волковду чакырган.

Мекеменин билдирүүсүндө 27-июнда орусиялык полициячылар рейд жүргүзүп, "анда эки азербайжандык өлтүрүлүп, бир канча адам жараат алганы, он адам камалганы" айтылат.

"Иликтөө иштери жүрүп, зомбулукка жооптуулар кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп ишеним артабыз", - деп жазылган мекеме тараткан пресс-релизде.

Орусиянын жообу

Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова Екатеринбургдагы кармоолор кылмыш иштеринин алкагында жүргөнүн билдирген. Дипломат шектүүлөр Орусиянын жараны экенин кошумчалады.

Захарованын айтымында, кармоолор 2001-, 2010-, 2011-жылдардагы киши өлтүрүүгө байланыштуу жүргөнүн билдирген.

E1.ru порталы билдиргендей, 2001-жылы Азербайжандын жараны Юнис Пашаев бычакталган. Аны өлтүрүүгө "Каспий" кафесинин кожоюндары Гусейн жана Зияддин Сафаров шек саналган. Экөө тең 27-июнда кармоо маалында каза тапканын РБК укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Екатеринбургдун соту Мазахир, Акиф жана Аяз Сафаровду 19-июлга чейин камакка алган. Аларга киши өлтүрүү беренеси менен иш козголгон. Сот залынын тартылган сүрөттө кармалгандардын бети көгөрүп, шишип турганын көрүүгө болот.

Калган шектүүлөр Ахлиман Гянджиев, Шахин Лалаев жана Бакир Сафаровдун абакта кармоо мөөнөтү 72 саатка узарган. Бөгөт чарасы кийинчерек каралат.

Орусиялык бийликтер ФСБнын бул рейддеги ролун эске алган жок. ИИМ жана Тергөө комитетинин билдирүүсүндө кармоону "эки мекеме СОБРдун жардамы менен уюштурганы айтылат".

Алаканын муздашы

Баку менен Москванын алакасы былтыр, 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулагандан кийин солгундаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Кырсыктан көп өтпөй февраль айында Азербайжандын бийлиги өлкө аймагында "Россотрудничество" агенттигинин иши токтогону тууралуу Москвага расмий нота жиберген.

"Россотрудничествонун" өкүлчүлүгү катары саналган "Орус үйү" маалымат-маданий борбору юридикалык тарап катары каттоодон өткөн эмес, - деген анда Азербайжан ТИМи.

Ага чейин мамлекетке караштуу Baku.tv телеканалы "Орус үйүнүн" ишмердүүлүгү тууралуу репортаж жарыялап, анын кызматкерлерин тыңчылыкка айыптаган.

Буга удаа эле Бакудагы "Россотрудничествонун" кеңсесин жабуу чечимин сынга алган Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуевге өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

20-февралда эртең менен азери ЖМКларына киберчабуул жасалган. Адегенде ал "Орус үйүн" тыңчылыкка айыптаган Baku TV телеканалынын серверлерине багытталып, андан кийин бир катар маалымат агенттиктерине жайылган. Азери бийлиги буга орусиялык Cozy Bear уюшкан тобунун хакерлерин айыптаган. Бул топту бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана журналисттик иликтөөлөр Орусиянын тышкы чалгын кызматына байланыштырып келет.

Май айында Баку Москвадан Орусиянын аймагына киргизилбей калган парламент депутаты Азер Бадамовго байланыштуу түшүндүрмө талап кылган.

(Макала толукталууда)

Шерине

XS
SM
MD
LG