Дүйнөнүн 26-аптасы: күлгө айланган шаарлар

1
Израилдин аба соккуларынан кийин күйүп кеткен машиненин жанында турган ирандык аял. Тегеран, Иран.

2
Израилдин Беэр-Шеба шаарындагы талкаланган имаратта иштеп жаткан куткаруучулар.

3
Куткаруучулар Баэр-Шеба шаарына жасалган соккунун чыгымын эсептөөдө.

4
Израилдин соккусунан талкаланган үйүн көрүп ыйлап жаткан ирандык аял.

5
Израилдин түндүгүнө түшкөн ирандык баллистикалык ракетанын жанында турган эркек.

6
Скутер тепкен бала Орусиянын соккусунан күйүп кеткен автоунаанын жанында баратат. Белая Церковь шаары, Киев облусу.

7
Украинанын Новые Петровцы айылынын тургундары Орусиянын армиясы урган соккудан жаш өмүрү кыйылган Максим Балуевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында жолго гүл төшөп жатышат.

8
Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери менен Лондондогу Даунинг-стритте жолугууда.

9
Санкт-Петербургдагы ачылып-жабылма көпүрөнү карап турган адам.

10
Израил менен акыркы кагылышуулардан кийин Тегерандын борбордук бөлүгүндө күзөткө чыккан Ирандын Сакчылар корпусунун (IRGC) аскери.

11
Украинанын чыгышындагы Днепр шаарында ит көтөрүп бараткан киши. Арттагы адамдар Орусиянын ракета чабуулунан жабыркаган көп кабаттуу үйдүн жанында топтолуп турат.

12
Орусиянын чабуулунун качкан кишилер Киевдеги метронун станциясында баш калкалап отурушат.

13
Иранга сокку урулганын айыптаган акциянын катышуучулары АКШнын желегин өрттөшүүдө. Пешавар, Пакистан.

14
Израилдин абадан коргонуу күчтөрү Ирандын чабуулу маалында ракеталарды тосуп жатканда пайда болгон түтүн. Хадера шаары.

15
Пешавардагы мээ кайнаткан ысыктан качып, баласы менен каналдагы сууга түшкөн киши. Пакистан.

16
Күн батып бараткан кезде Кунтскамера музейинин мунарасынын көрүнүшү. Санкт-Петербург.

17
Орусиянын армиясы урган соккудан кыйраган имараттардын арасында басып жүргөн кишилер. Киев.

18
Орусиялык дрондун Украинанын борборуна түшкөндөн кийин жарылышы.

19
АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атышууну токтогонун жарыялагандан кийин Ирандын куралдуу күчтөрүн колдоо үчүн жыйынга чогулгандар.

20
Москвадагы Таганская метросунда советтик лидер Иосиф Сталиндин элесин чагылдырган рельефтин алдына гүл коюп жаткан адамдар.