Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Балкан өлкөлөрү АКШдан кайткан "мигранттардын кампасына" айланабы?


Италиянын полициясынын өкүлү Албаниядагы порттун жанында. 11-октябрь, 2024-жыл.
Италиянын полициясынын өкүлү Албаниядагы порттун жанында. 11-октябрь, 2024-жыл.

Мыйзамсыз миграция АКШ жана Европа үчүн чоң көйгөйгө айлангандыктан, Батыш барган сайын келгиндерди Балканга жөнөтүүдө. Бирок чөлкөм мындай жүктү көтөрө алабы? Мигранттарды кабыл алуу аларга кандай пайда алып келет? Бул суроолорго Косово кызматынын кабарчысы Дорунтина Бафтиу жооп издеди.  

Алсак, Косово жакында Кошмо Штаттардан депортацияланган жана үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн 50 мигрантты өз аймагында жайгаштырууга макул болду. Приштина андан тышкары Британияга кое берилбеген мигранттарды кабыл алууга даярдыгын билдирди.

Албания мигранттарды өз аймагына батыруу тууралуу Италия менен келишим түзсө, Түндүк Македония ошондой эле макулдашууну Британия менен талкуулуганы бейрасмий маалымдалган. Босния жана Герцеговина миграция маселесинде Еврошаркет менен тыгыз кызматташып, мигранттарды кармоо борборлору үчүн каражат жана башка жардам алып келет.

Мындай милдеттенмелерден улам Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Балкан аймагы “мигранттардын кампасына” айланып баратканын эскертти.

Уюмдун өкүлү Майкл Боченек “Азаттык” радиосуна айтып бергендей, депортацияланган мигранттарды кабыл алабыз деген Руанда, Түштүк Судан жана Ливиядан айырмаланып, Балкандагы “өлкөлөрдө адам укуктарынын абалы жакшыраак”.

Муну менен катар ал Еврошаркеттин мигранттарды кабыл алсын деп кысым көргөзгөнү да өз ролун ойноп жаткан болушу мүмкүн деп боолголойт.

“Бул жакшыбы же жокпу, Балкан өкмөттөрү Евробиримдик алдында милдети бардай сезишет. Андыктан ошондой талаптарга ачыгыраак болушу ыктымал", - деп түшүндүрдү өз оюн Боченек.

Косово, макулдашуунун шарттарына ылайык, АКШдан чыгарылган 50 кишиге чейин кабыл алмакчы. Алардын “өз өлкөлөрүнө коопсуз кайтуусуна” көмөктөшүү үчүн Вашингтон сунуш кылган тизмеден талапкерлерди иргеп алышат. Косоводо ал адамдар эң көп дегенде бир жыл кала алат.

Алгачкы мигранттар качан келери тактала элек. 23-июнда АКШнын Жогорку соту мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялоону татаалдаштырган төмөнкү инстанциядагы соттун токтомун убактылуу жокко чыгарды. Жогорку сот мындай чечимин түшүндүргөн жок, бирок депортация иши жакын арада жанданары айкын.

Эми АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) “өзүнүн мыйзамдуу ыйгарымдарын аткарып, мыйзамсыз иммигранттарды кабыл алууга даяр өлкөлөргө чыгара алат”, - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Триша Маклафлин.

“Депортация үчүн учактар от алдырат”, - деп кошумчалады ал.

АКШнын Приштинадагы убактылуу ыйгарымдуу өкүлү Ану Праттипати “Европада биринчи болуп АКШдан депортацияланган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын кабыл аларын жарыялаганы үчүн” Косового ыраазычылыгын айтты.

Бирок Балкандагы көптөгөн өлкөлөр мындай тажрыйба аларга кандай пайда алып келерин сурашат.

Приштина өкмөтү бул соболго түз жооп берген жок.

New York Times гезити жакында болжолдогондой, Косово башка өлкөлөрдү да алардын суверенитетин таанууга түртүү үчүн Вашингтондон жардам сурап кайрылган. Косовону өз алдынча мамлекет деп ушу тапта БУУнун 193 мүчөсүнүн 108и тааныган.

Буга чейин Балкандагы өлкө Даниядагы абактарда отурган чет өлкөлүк жарандарды жаза мөөнөтү аяктагыча өзүнө алуу тууралуу макулдушуу түзгөн. 2022-жылы Приштина Гжиландагы жабык жайда 300 камераны падышалыкка ижарага берүүгө макул болгон.

Гжилан кармоочу жайы. Косово
Гжилан кармоочу жайы. Косово

Бул үчүн Косово жаза өтөө системасын реформалоо жана кайра толукталуучу энергия булактарын өнүктүрүү үчүн 230 миллион доллар инвестиция алат.

Айыпкерлердин биринчи тобу Косового 2027-жылдын башында которулары күтүлүүдө.

Буга чейин Косового 2021-жылы талибдер бийликке кайтып келгенден кийин Ооганстандан эвакуацияланган оогандык 1900 жаран жайгаштырылган.

“Балкандар Европада” деп аталган саясий консультациялык уюмдун өкүлү Доника Эмининин пикиринде, Батыш өлкөлөрү өз маселелерин чечүү үчүн аймакты “реалдуу жана узак мөөнөттүү милдеттенме албастан” колдонушат.

Эмини Вашингтон менен жакында түзүлгөн келишим “Косовонун эл аралык сахнадагы ордун өзгөртүүчү учур болорун күтпөшү керектигин” белгилейт.

“Бул Косовонун ишенимдүү өнөктөш катары аброюн бекемдегени менен мамилелердин динамикасын өзгөртпөйт. Өзгөчө Косово-Сербия диалогу өңдүү негизги саясий маселелер чыңалуунун очогу болуп турган кезде андай болбойт”, - деп айтат Эмини.

Мигранттарга тиешелүү келишимдер Балкан мамлекеттери үчүн дипломатиялык пайда туралуу маселеден тышкары ошол келгиндердин укуктарына байланышкан кооптонууларды жаратууда.

Боченек ал өңдүү “саясий макулдашуулар адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерди кыйгап өтүү аракети болуп саналарына” басым жасайт. Ал кошумчалагандай, ошол келишимдер мигранттарды, өзгөчө кабыл алган өлкө менен байланыштары жок болсо, арсар абалда калтырат.

“Алар кайда экенин, эмне үчүн ал жерге жөнөтүшкөнүн түшүнбөйт. Өздөрүн жоготуп коет, обочодо калгандай сезишет”, - деп улантат укук коргоо уюмунун өкүлү.

Мигранттар боюнча Италия менен Албания ортосундагы келишим башынан эле, 2024-жылдын февралынан бери укуктук маселелерге туш болуп келатат.

Албанияга жөнөтүлгөн 70тен ашуун киши соттун чечими менен же саламаттыгына байланыштуу Италияга кайтарылды.

“Андай келишимдер жакшылап текшерилбесе, кемчиликтери аныкталбаса, коомдук пикир эске алынбаса, кесепеттерин түшүнбөсө, анда чоң тобокелдик жаралышы ыктымал”, - деп айтат Боченек.

Ошол эле маалда адам укуктары боюнча эксперт кошумчалагандай, дүйнөүн башка жерлеринде, мисалы Коста-Рика, Панама же Түштүк Суданда мигранттарга байланышкан андай “макулдашуулар кабыл алуучу өлкөгө күтүлгөндөн олуттуу көйгөйлөрдү пайда кылган”.

Шерине

XS
SM
MD
LG